Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Бактыбек Марипов, ЖК депутаты: “Кара-Кой жайлоосунун бүт районду бага турган потенциалы бар”

Бактыбек Марипов, ЖК депутаты: “Кара-Кой жайлоосунун бүт районду бага турган потенциалы бар”

07-июнь, 21:18
492 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

-- Бактыбек мырза, бүгүн Кара-Кой жайлоосу боюнча аябай көйгөйлүү маселе көтөрдүңүз. Жол чындап эле эс алуучулар үчүн бир топ кыйынчылык жаратып жатыптыр...

-- Кара-Кой жайлоосу Кыргызстандагы киши эң көп келген туристтик борборлордун бири. Ал жерде эки жүзгө жакын эс алуу жайлары бар. Жеңил типтеги а фрейм үйлөр салынып, боз үйлөр тигилген. Бүгүнкү күндө ал жерде эс алуу сезонунун ачылышына байланышкан чоң фестиваль өтүп, кошуна Өзбекстандан, атүгүл Германиядан да өкүлдөр катышууда. Бир гана көйгөй – бул жол маселеси. Кыргыз-Ата айыл өкмөтү бүткөн жерден Кара-Кой жайлоосунун төрүнө чейин жалпы 20 чакырым жол. Бирок, быйылкы жылга анын үч гана чакырымын асфальттоо кирди. Биз министр менен сүйлөшкөндө “жол акырына чейин жасалат” деген болчу. Ошон үчүн мен бүгүн президенттин Жогорку Кеңештеги өкүлүнө кайрылып, министрлер кабинетине тапшырма берүүнү сурандым.

-- Биз өткөн жумада эле барып көрдүк, арча, карагай өскөн токой-черлүү төрлөргө заманбап үйлөр, боз үйлөр тигилиптир. Туристтер абдан көп. Бул экологияга терс таасирин тийгизбес бекен?

-- Ал жагы каралып, атайын тазалык ишканасы ачылган. Таштандылар чогултулуп, Ноокат–Ош жолундагы атайын полигонго ташылат. Таштандылар дарыяларга ташталбасы үчүн атайын урналар коюлуп, эс алуу жайлары дарыядан 50 метр алыста болушу керек деген эржелер сакталган. Тартипти атайын туризм жагына адистешкен милиционерлер көзөмөлдөшөт. Бир да арча кыйылбайт, боз үйлөрдү дарак өспөгөн ачык жерлерге гана тигүүгө уруксат берилген. Өзүбүздүн жергиликтүү инвесторлор ал жерге салым салышууда. Ичинде бардык шарттары бар жеңил үйлөр салынган. Ат спортуна кызыккандар үчүн атайын аттар бар. Кыскасы, экологияга эч кандай кооп туудурбайт. Ал жакка күнүгө миңге жакын туристтер келет. Кошуна облустардан, өзүбүздүн райондон келген ички туристтер да абдан көп. Эгер туризмди өнүктүрсөк, Кара-Кой жайлоосунун Кыргыз-Ата айыл өкмөтүн гана эмес, Ноокат районун бага турган потенциалы бар. Кышында лыжа базасын курса болот. 


 "Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер