Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Кундуз Кырбашева, эксперт: “Президенттин тарифтерди көтөрүү пикирин эл колдоп жатат”

Кундуз Кырбашева, эксперт: “Президенттин тарифтерди көтөрүү пикирин эл колдоп жатат”

01-февраль, 09:00
272 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

-- Жакынкы эле күндөрү президентибиз Садыр Жапаров электр энергиясындагы тарифтер тууралуу кеп козгоду. Бул боюнча кандай пикир кошумчалайсың? Жеке пикириңди айтсаң?

-- Негизинен көп жылдан бери энергетика тармагына тыштан карыз алып, ички инвестицияларды пайдаланып да көп каражат жумшалды. Баш-аягы 2 миллиард доллар салынган тармак өнүп-өсүп, өзүбүздү камсыздап, тышка экспорттоп сатып байып кеткен жокпуз да? Тескерисинче, пландык өчүрүүлөр болуп, өзүбүз сырттан сатып алып, ушунча сууларыбыз турса, кичи ГЭСтерди курууга, күн, шамалдан энергия бөлүүгө толтура мүмкүнчүлүктөрүбүз туруп, акыбалыбыз ушул. Албетте, мунун баары өзүбүздүн шалаакылыгыбыз, энергетика тармагындагы каражаттар сарамжалдуу пайдаланылбай жатканында. Энергетика министрлигинде учурда үч орун басар бар. Мен ойлойм, төртүнчүсү катары күчтүү финансистти коюш керек. Себеби, канчалаган каражат кредитке алынууда. Анан ошол каржаттар туура пайдаланылып жатканын негиздөө багытында кайтарымдуулугу менен өзүн-өзү актоого мүмкүнчүлүк түзүп, цифра менен иштеген күчтүү адис керек. Катардагы өз иштерин аткарган энергетиктерде кеп жок. Кеп ошол башкаруу системасында. Ошолорду тууралап жөнгө салсак, элде да ишеним пайда болот. Эл азыр президенттин тариф көтөрүү боюнча пикирин деле колдоп жатышат. Бирок, көпчүлүгү эле негизсиз коротулган акча каражаттары кайда кетип атканын териштиришсин деген пикирде. Энергобарондор бар экени айтылууда. Алардын бар экендиги чындык. Негизи тарифтин өзүн инфляцияга байлаш керек дагы, билинбегендей 5-10 тыйынга көтөрсө эч нерсе болбойт. Баардык эле нерсе, ошол эле көмүр, газ энергияны алып жүргөн заттар да. Баарына эле баа көтөрүлүп жатат. 77 тыйын, анан 82 тыйын деп аз-аздап көтөрсө, эч кандай деле кыйынчылык болбойт. Эң орчундуу жагдай – сектордун ичиндеги тендер коррупциясы, сапатсыз сатылып алынган жабдуулар, тендерлерди уткан компанияларга (супподрядчиктерге) кармата салгандары. Бир мисал: Токтогул ГЭСин реконструкциялоодо Тажикстандан сапатсыз жабдууларды сатып алышкан. Ушунун баарын көзөмөлгө алып, жоопко тартчусун тартып, кайтарып алчусун алып, иретке келтирип алсак туура болот. 


Жамиля Нурманбетова 

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер