Дастан Бекешов, ЖК депутаты: “Айрым депутаттар карантинге жатууга тийиш”
-- Дастан Далабаевич, депутаттардын чет өлкөлөргө баруусуна убактылуу тыюу салыш керек дейсизби?
-- Кээ бир депутаттар Германия сыяктуу Европа өлкөлөрүнө иш сапарларга чыгып жатышат. Италияга барбай калышты деңизчи, бирок, башка өлкөлөргө барып эле атышат. Менимче, мындай иш сапарларды токтотуу керек. Себеби, биз көп жерде эл менен жолугабыз. Анан бири-бирибизге жуктуруп, элге жуктурсак кандай болот? Биз эчтеке кыла албайбыз... Кыргызстанда саламаттык сактоо системасы өтө начар абалда. Ошон үчүн мен жанагындай маселени көтөрдүм. Сапарга барып келгендер карантинге жатууга тийиш.
-- Туура, Монголиянын президенти деле Кытайга барып келген соң карантинде болбодубу.
-- Мына азыр Улуу Британиянын, Франциянын саламаттык сактоо министрлеринин орун басарлары ооруп калышты. Франция менен Иранда депутаттар оорушту.
-- Акыркы кездерде чет өлкөгө кимдер барып келишти?
-- Аттарын айтпай эле коёюн, бирок, Германияга барып келген депутаттар бар.
"Азия Ньюс" гезити