Таалайбек Сарыбашев тендерлерди “жеп”, хансарайларды салганбы?

Ош шаарындагы Ак-Буура дарыясынын жээгин көрктөндүрүү жана жашылдандыруу долбооруна өткөрүлгөн тендерде кызмат абалынан кыянат пайдалануу орун алып, бул боюнча УКМК мэрияга кылмыш ишин козгоду. Албетте, коомчулукка резонанс жаралды. Шектүү демилге 2020-жылы башталып, аны эки жылда бүтүрүү пландалган. 252 миллион сомго бааланган долбоордун тендерин «Капитал Курулуш» жоопкерчилиги чектелген коому утуп алган. (Бул фирмага да өзүнчө кайрылабыз). Эске салсак, агезде Ош мэриясын Таалайбек Сарыбашев жетектеген. Бул бир гана “былык” иши го?.. Себеби, ал буга чейин бир канча хансарайларды Ош, Бишкек, Алайга курганы ЖМКларга жарыяланган. Көпчүлүк таңгалып, нааразы болгондор арбыган эле. Сыягы, Таалайбек Сарыбашевди дагы текшеришсе, тендерлерден сырткары башка коррупциялык элементтери да ачыкталабы? Он жылдан ашык убакыттан бери мамлекеттик кызматтарды аркалап жүрүп, каяктан көпөскө айланды? Эмесе, “Мыйзамсыз баюу” беренеси кошулушу мүмкүн...
"Азия Ньюс" гезити