Оппозицияга каршы кантип күрөшүү керек? Бийлик кечигип калбасын...

Жакында оппозициялык кыймыл түзүлбөдүбү. Катарында Мамбетжунус Абылов, Кеңешбек Дүйшөбаев, Клара Сооронкулова, Равшан Жээнбеков, Бектур Асанов, Рита Карасартова, Перизат Суранова, Сапар Аргынбаев, Улукбек Маматаев ж.б. “Булардын электораты жок, шайлоодон жыргатып добуш алышкан эмес” деп кол шилтеп койбош керек. Жерий берүү да осолдук. Күчкө салуу, же кандайдыр бир деңгээлде майтарууга да шашылуу кажетсиз. Бийлик күрөшүүнүн, алсыратуунун башкача жолдору менен иштесе болот. Ал эми ушул оппозициялык топ эмнеси менен коркунучтуу? Аталган саясатчылар кыйла жылдардан бери электен өтүшкөнү ырас. Күрөшчүлдөр. Булар бийликтин кемчиликтерин тизмектөө, сындоо менен элдин маанайын өзгөртүүгө баратышат. Мындайча айтканда, көпчүлүк катмарды кандайдыр бир “майданга” даярдоого ашыгышкандай... Кайсы убакка? Кыскасы, мансап талашуунун образын ачып беришпейби? Акыры тынымсыз атака менен оппозиция караламан калк астында саясый упайга жетүү, Акүй-Көкүйдөгүлөрдү алсыратуу жагына ыкташат. Демек, бийлик эмитен күрөшүүсү зарыл, бирок кантип? Албетте, жолдору бар...
"Азия Ньюс" гезити