Дүйшөнбек Камчыбеков: “Центерра” 5,4 миллиард доллар компенсация талап кылышы мүмкүн"
Кыргызстандын тоо-кенчилер жана геологдор бирикмесинин төрагасы менен маек.
-- Кумтөрдү улутташтырууга барсак, кандай маселелер жаралышы мүмкүн?
-- Эгер экологиялык же башка бир коопсуздук маселеси жаралса, улутташтырууга барса болот. Бул – мамлекеттин укугу. Ага эч ким тоскоолдук кыла албайт. Бирок, улутташтырууда кен иштетүүчү компанияга сөзсүз компенсация төлөнүп берилет. Бул маселе жергиликтүү сот аркылуу же эл аралык тандалган соттун негизинде жүрөт.
-- Эгер Кумтөр “Центеррага” компенсация төлөп бере турган болсо, анын жалпы суммасы кандай чечилет?
-- Алар бул долбоорго салган акча каражатын эсептешет. Кумтөрдөгү мүлк комплексин 2,4 миллиард долларга эсептешти. Ошондой эле 71 тонна алтынды биздин эсептин негизинде чалгындаганбыз. Эгер аны үч жыл иштетсек, 3 миллиард доллар киреше алмакпыз деши мүмкүн. Ошентип, “5,4 миллиард доллар компенсация төлөп бергиле деген суроо коюлуп калышы ыктымал” деген божомолдор бар. Ал эми биз койгон доо 4,2 миллиард долларды түздү. Аны алар кабыл алган күндө дагы биз аларга 1 миллиард төлөп калышыбыз мүмкүн. Бирок, биз койгон доону алар мойнуна алышына күмөн бар.
-- Дагы кандай мүчүлүштүктөр болушу мүмкүн?
-- Кендин кору боюнча мамлекеттик комиссиянын эсебинде Кумтөрдө бүгүн 71 тонна алтын бар. Муну 3-3,5 жылда иштетип бүтөбүз. Бирок, “Центерра” буга чейин изилдеп, баш-аягы 194 тонна алтын корун тактап койгонун айткан. Аны иштетүүгө 2 миллиард доллар даярдалганы маалымдалган. Ошону менен Кумтөрдү 2024-жылга чейин эмес, 2031-жылга чейин иштетебиз деп келген. Бирок, Кыргызстан Кумтөргө сырттан башкарууну киргизгенде, “Центерра” геологиялык чалгындоолордун маалыматын берүүдөн баш тарткан. Ошентип, учурда биз тарап алтындын толук кору тууралуу маалыматка ээ эмеспиз. Муну менен Кумтөр кени 71 тонна алтынды иштетип бүткөндөн кийин токтоп калышы мүмкүн деген чочулоо дагы бар.
-- “Центерра” экологиялык зыяндарды келтиргенин, мыйзам бузганын аныктоо соттун колунда да. Алар мойнуна албаган күндө деле сот кайсы бир жүйөлөргө таянып чечим чыгарабы, же андай жүйөлөр бизде жетишсизби?
-- Эми эл аралык соттун чечими биз тарапта болорун тилек кылалы. Биз жалдаган юридикалык компаниялардын кандай аргументтери бар экенин билбейм. Бирок, кайсы эле компания “мен экологияга зыян келтиргем, ага ошол өлкөнүн чиновниктери уруксат берген” деп мойнуна алмак эле?
-- Бирок, УКМК Кумтөр боюнча көптөгөн чиновниктерди камакка алып атпайбы. Демек, алардын дагы коррупциялык схемалар менен келишим түзүүгө тийешеси бар экени тууралуу далилдер бардыр?
-- “Ошол кездеги легитимдүү бийлик менен келишим түзүлгөн” деши мүмкүн да. “Эгер коррупционер алар болсо, анда ошолор жоопко тартылсын. Биз болгону алардын уруксаты менен иштегенбиз” дейт да.
-- Мүмкүн суракта жаткандардын көрсөтмөсүндө “Центерранын” пара бергени жөнүндө маалыматтар болсочу? Анда “Центерра” дагы коррупционер болот да...
-- Андай көрсөтмө болсо, туура. Бирок, ошол эле Асылбек Жээнбековду, Өмүрбек Бабановду же Төрөбай Зулпукаровду алалы, алардын кимиси “мен пара алгам” деп айтат?..
-- Сырттан башкаруу убактысы бүтсө кандай болот?
-- Кайра дагы убакыт кошуп, сырттан башкаруу киргизиши мүмкүн. Же дароо эле улутташтырышыбыз мүмкүн.
-- Азыр “Центерра” деле биздин өкмөттүн чечимдерин катуу көзөмөлдөп атат да. Алар кайрадан иштешүүгө кызыкдар болсо керек?
-- Алар Кумтөргө сырттан башкаруу киргенден тарта эле “сүйлөшөлү, макулдашалы” деп келишет. Биздикилер болсо баш тартышты. Бирок, “экологияны бузганыңарды моюнга алгыла” дешкен. Алар ага макул болгон жок. Ошентип, алар “кенди өкмөт тартып алды” дешип, компенсация маселеси бар экенин айтып чыгышпадыбы.
Мээрим Асанова
"Азия Ньюс" гезити