Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » “Дельта” штаммы тез тарап, АКШда илдетке чалдыккандардын саны өсүүдө

“Дельта” штаммы тез тарап, АКШда илдетке чалдыккандардын саны өсүүдө

10-август, 16:51
1 756 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Коронавирустун “Дельта” штаммы тез тарап жатканына байланыштуу АКШда илдетке чалдыккандардын саны өстү. Ооруканага түшкөндөр да көбөйдү. Июль айында жогорку көрсөткүчтөр вакцинация жай жүргөн гана аймактарда катталса, азыр дээрлик баардык штаттарда коронавирус жайылып жатат. Өзгөчө Арканзас, Флорида, Луизиана жана Миссисипи штаттарында кырдаал курч.

Бир суткада вирусту жуктургандардын орточо эсеби 110 миңден ашып жаткан болсо, соңку эки аптада бул сан эки эсе жогорулады. 65 миң адам ооруканада, күнүнө 500дөй киши коронавирустун айынан көз жумуп жатат. Бул эки аптага караганда 100% көп.

Каза болгондордун жана ооруп калгандардын көбү вакцина албагандар. АКШда 12 жаштан жогорку курактагылардын 60%ы эмделди.
Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер