Кендирбаеванын жөндөмсүз кадр экенин ажо кеч билдиби?

“Айткандын оозу, ыйлагандын көзү жаман” дейт. Кандай кырдаал жаралбасын, чындыкты чыгара билели. Бул маанилүү. Эмесе, өлкөдөгү көзгө оркойгон министр туурасында учкай кеп кылалы.
Аныгында Догдуркүл Кендирбаеванын билим берүү жана илим министри болгонуна бир жылдан ашты. Жарытылуу ишин көрө алган жокпуз. Мурда мектептерге китептер кандай жетишпесе, азыркы абал андан да начарлап кеткен. Жалпы илим, билим берүү жаатында коррупция күч алганы жашыруун эмес. Бул жагынан натыйжалуу иштер көрүлгөн жок. Догдуркүл айым жаратмандык аракеттерди жасоодо куружалак экен. Реформа кылууну мындай кой, түзүк идеяны тандай албай мукурап келатат. Баягы эле Батыштын долбооруна ыктап, мектептерди 12 жылдык билим берүүгө өткөрүүнү оозанып, обужок жорукту жасаганы жашыруун эмес. Бул пайдасыз аракет. Ириде ата-энелерди, окуучуларды кыйноого алып бара турган, жалпы коомчулукту кыжырдантууга жеткизүүчү “демилге”! Кыскасы, Кендирбаева министр катары өзүн көрсөтө албай чанчырап калды. “Чөп башылап” ар нерсени сүйлөгөнү менен элге жугуму жок экенин көрсөттү. Эң башкысы, анын натыйжасыз иштери билим берүү жана илим министрлигин артка тартууда.
Айтмакчы, резиденциядагы булагыбыз билдиргендей, президент Садыр Жапаров акыры Догдуркүл Кендирбаеванын жөндөмсүз, дараметсиз экенин, болгону кооз сүйлөй аларын кеч билип, өкүнүп атабы? Ордуна ылайыктуу кадр каралып калганы да каңкууланды.
"Азия Ньюс" гезити