Депутаттар Кумтөр боюнча отчет талап кылышты

Кумтөр алтын кени Кыргызстандын башкаруусуна өткөндөн берки абал боюнча маселе бүгүн 7-сентябрда Жогорку Кеңештин жыйынында көтөрүлдү. Депутат Шайлообек Атазов министрлер кабинети парламентте буга байланыштуу отчет бериши керектигин белгилеп, ага ишкананын мурдагы башкаруучусу Теңгиз Бөлтүрүктү да чакыруу зарылдыгын айтты.
Депутат Исхак Масалиев президент Садыр Жапаров июлда Кумтөр боюнча отчет берерин убада кылганын эскертти:
“Эмне болгонун, кандай болгонун, канча пайда көрдүк, канча зыян тарттык – баарын билишибиз керек. Бирок бир нерсе айткым келип жатат, ал жерде иш бир эле Бөлтүрүктө эмес, ал болгону бир кичинекей аткаруучу. “Кыргызалтындын” ошол келишимге кол койгон жетекчисин да, бардык катышкан кишилерди чакырыш керек. Себеби биз депутат катары толук маалымат албасак, элге барып айта албайбыз, жакшы же жакшы эмес деп. Баа берүү эртерээк”.
Кумтөр маселесин бүгүнкү отурумда депутаттар Тазабек Икрамов менен Дастан Бекешов да көтөрүштү.