Акыркы кабарлар
» Саясат » Богооз, бузуку Акбөкөн Таштанбековду колдоо акылга сыйбайт!
Богооз, бузуку Акбөкөн Таштанбековду колдоо акылга сыйбайт!
17-декабрь, 11:28


Аймак, улут аралык кастыкты козутууга шектелип, УКМК тарабынан камакка алынган Акбөкөн Таштанбековдун жакындары журналист, блогерлерди жалдап, курулай актанууга өтүшкөнү кайсы логикага сыят? Соцтармактарда мактап-жактоо сөздөр жабырай баштаганын кантесиң? Көз будамайлоонун чеги болбойбу? Таштанбековдун интернет айдыңына тараган видеосунда ачык эле сөгүнүү, улут аралык кемсинтүү, облустарга бөлүп-жаруу далилденип атса, кантип чара көрбөйсүң? А болушкандар сабатсыздар да. Качан мыйзам алкагында жашайбыз? Таңгаласың! Албетте, адилеттүү негизде богооз Акбөкөн жоопко тартылышы керек. Мыйзам баарына бирдей каралышы кажет. Жөн эле аксынуу менен бузукуну колдоо акылга сыйбайт эмеспи.
"Азия Ньюс" гезити











