Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Матраимовду камактан чыгарып, ордуна Кулматовду киргизбейби?

Матраимовду камактан чыгарып, ордуна Кулматовду киргизбейби?

02-апрель, 09:05
643 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Саясый интеллигенциянын калың катмары таңгалууда. Бажы кызматына эки жолу төрага болгон Кубанычбек Кулматовду эмне үчүн күч органдары суракка албайт? “Мыйзамсыз баюу” беренеси менен териштирүү жүргүзүшсө болбойбу? Же Кремлдин коңгуроосу коррупцияга каршы күрөшүүгө бөгөт салдыбы? Кыйчалыш суроолор көп. 

Дегенибиз, Райымбек Матраимов Ош бажысын башкарып, 2015-жылы борбордук аппаратта орун басарлардын бири болгон. Мындай кадрлар арбын эле да. Канча начальниктер, орун басарлар иштешти? Алардын баарын “казышпай” эле бир тараптуу нукка салышып, АКШ департаментинин пиар акциясын ээрчүү менен Райымбек Матраимовду көрүп калышыптыр. Төрт-беш жылдан бери эле төө бастыда келатат. Коомчулук да ээрчиме эмеспи, биринчи айтылган сөздөргө ишенип алышат экен. Ошентип, Алмазбек Атамбаевдин кара пиары, батышчылдардын тескери обону менен бир беткей кара боёкто калган да. Райымбек Матраимовго караганда Кубанычбек Кулматовдун жашырган миллиондору, чет өлкөгө чыгарган байлыктары көп экенин танабызбы? Албетте, бул жагынан калыс каралбай калды. Бажы тармагында билинбей байып, тымпыйып жүрүшкөн ондогон олигархтар, миллиардерлер арбын. Эмне үчүн алар көмүскөдө калат да, баягы “топурагы жеңил” каарманыбыз торго түшөт? 

Кыскасы, мамлекеттин казынасына 2 миллард сом төлөп берген Райымбек Матраимовду камактан чыгарып, укуктук талаада эркиндигине кам көрүлүшү керек. Эгерде кандайдыр бир суроолор болсо, ал качып кетпейт да. Жооп берет. Анүстүнө ден соолугу начарлап, жүрөгү ооруп жаткан чакта гумандуулукка көңүл буруу зарыл. 


"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер