Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Сабыр Муканбетов, саясат талдоочу: “Темиров менен Аспековдун айыптоолору ажого катуу тийди...”

Сабыр Муканбетов, саясат талдоочу: “Темиров менен Аспековдун айыптоолору ажого катуу тийди...”

08-ноябрь, 17:45
2 233 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

-- Сабыке, митинг-пикеттерди өткөрүү токтоп, сын айткан оппозиция деле сейрек. Мындай көрүнүш менен өнүгүүгө бет алдыкпы?

-- Садыр Жапаров менен Камчыбек Ташиевди жалпы эл катуу колдоп, бийликке алып келгени белгилүү. Булар да демдүү киришип, коррупцияны, криминалды талкалап, бир топ алгылыктуу иштерди жасашып, коомчулук ого бетер ишеним арта баштады. Ошого шерденген эки дос “өнүгүш үчүн тартип керек” экенин бетке кармап, оппоненттеринин колун кайырып, көпчүлүгүн болбогон айыптоолор менен түрмөгө тыгып баштады. Эл болсо кол чаап турду. 

Натыйжада, айыптоолор түккө турбай, камалгандар дээрлик бошотулду. Жабыр тарткан оппоненттер да “буларга теңелгенде ден соолукка эле зыян” деген бүтүмгө келишип, дээрлик көпчүлүгү көчүктөрүн кысып калышса, айрымдары бийликке жагынган “дакандарга” кошулушуп, чөгөлөөгө мажбур болушту. Ошентип, чет жакка чыгып кеткендер менен бул жакта бетин жаап алган бирин-экин эле жарандар гана бийликти сындоо менен алектенишип, медиа айдыңда акаарат келтирүү кескин азайып, “сөз эркиндиги” деген түшүнүк кыйла эле аксап калды. 

Бирок, азыр коом өзгөрүүгө дуушарланып, акыркы кезде бийликке каш кайтарган азчылыктын каяшасы арбый түшкөнү байкалууда.

-- Мисалы?

-- Болот Темировдун сериялуу иликтөөлөрү менен түрмөдөгү Мелис Аспековдун айыптоолору Садыр Жапаровдун аброюна урулган катуу сокку болду. “Мамлекетке алынды” деген олигархтардын базарлары менен жерлердин ээлеринин жаңы реестринде президенттин туугандарынын, ж.б. жакындарынын аты чыгып атса, бул эмне сокку эмеспи? Дагы далай “кусундулар” кайда кеткени ачыкталса кантебиз? Анын баарын жокко чыгарып, бирөө-жарым жоопкерчиликке тартылыш керекпи, же кандай?..

Прессасын тейлеген Дайырбек Орунбековдун актоосу жөнөкөй эле адаштыруу, мактоо-жактоо, айласыз аракет, “частично туура” дегени айрымдар айткандай, “өлгөнгө көмгөн” болуп калып атса, анын астындагы фейктери эмнени ырдамак эле? Кыйын эле кыскасы...

-- Бирок Дайыр деле колдон келген аракетин жасады окшойт. Кептин баары мурдатан “чийеленишип” калганында го?..

-- Ошондон улам, шапалактап кол чаап колдогон элдин катары кескин суюлуп,  “дакандар” такыр эле тынчый түшкөнү байкалууда.

-- Анан кайда баратабыз? Соболдор көбөйдү го...

-- Кызык, мен да суроо салгым келип турат. Ошондо кыргызчылыкты, тууганчылыкты, жагымпоздукту аркалаштыбы? Мамлекеттик мүлккө карата чиновниктерди пайдалануу менен бир туугандары ушундай ишке өздөрү барыштыбы? Андай болсо, баягы Максим, Жаныш баскан тырмоокту басышып, президенттин түбүнө жетчү жолго түшкөндөрүбү? Анда Садыр Жапаров аларды ачыктап, теске салып, жоопко тартып, жерлерди, мүлктөрдү кайра мамлекетке кайтаруусу керекпи? “Урганым жок, билгениңерди кылып алгыла” дебесе керек. Анда экинчи мөөнөткө шайлануу үмүтү кантет?..

-- Президенттик шайлоо жакындаганы саясый кырдаалда кандайдыр бир өзгөрүүлөр орун албайбы? Аламан жарыш мөөнөтүнөн эрте өтпөйбү?

-- Жогорудагы сурооңо берилген жооптор эле ошол өзгөрүүлөрдүн башталганынан кабар берип жаткандай. Тымызын оппозициялык тилектештик пайда болуп, маалымат айдыңын кеңешип координациалоо, шайлоого даярдануу ишарасындай сезилет. Өткөндөгү курултайдын соңундагы Камчыбек Ташиевдин “Садыр Жапаровду экинчи мөөнөткө шайлайбыз” дегени да бийликке умтулгандарды ойлонтуп, аракеттенүүгө түртөрү айдан ачык. 

-- Ошентсе да, негизи мыйзам чегинде караганда, президенттик шайлоо качан болушу керек?

-- Садыр Жапаров 2021-жылы январда Атамбаевдин Конституциясы боюнча 6 жылга бир мөөнөткө шайланган, андыктан, 2027-жылдын алгачкы айында бийликти өткөзүп бериши керек. Мында экинчи мөөнөткө барганга болбойт. Эгер өзүнүн (Садыр Жапаровдун) Конституциясы менен эки мөөнөт шайлангысы келсе, анда (2025-же 2026-жылы) беш жылдан ашырбай, досрочный шайлоо өткөрүү кажет. Ошентип жаңы мыйзамга туураламыш этсе түшүнөбүз. Кыкеңдер “Мыйзам буйлаланган төө, каякка жетелесең ошол жакка кетет” дейт эмеспи. Чын эле биз ошондойбуз, уятыбыз жок! Андыктан, өзүбүзгө окшогон шайкелең, шашылма, тополоңчу элде шайлоонун качан болору мыйзамга эмес, көпчүлүктүн “чычкысы кыйнаганынан” көбүрөөк көз каранды экени далилденгенин кайда жашырабыз?

-- “Акылбек Жапаров элчиликке кетет экен” деген маалымат тарады. Ал кетип калса, бийлик кыйын абалда калбайбы?

-- Өткөндөгү маегимде “Камчы, Акыл болбосо Садыр кантет эле?” дегенимди окуган айрымдар түшүнбөй калышыптыр. “Аларсыз Садыр нөлбү?” дешкени кандай? Мен ал сөзүм менен булардын командалык биримдигинин күчүн белгилегем. Ал команданы курган, түзгөн Садыр Жапаров башында туруп, саясый эрк көргөзө алганы, тиги экөөнүн аркасында калканыч күч катары туруп бергени үчүн алар ушундай дараметке ээ боло алышты. Азыр да негизги сокку Садыр Жапаровго гана багышталып, берки экөө тууралуу “гап ям жок”. Айрымдардын максаттары белгилүү – булардын ортолорун бөлүп, биримдигин бузмайын жеңишке жетүү мүмкүн эмес. Кеп ошондо. 

-- Өкмөт башчыны айтсаң? Ошо менен маегибизди тамамдайлы...

-- Ал эми Акылбек Жапаровго келсек, ага Кудай жакшы шанс берди, болгон күчүн жумшап, элге кызмат кылып, эмгегин сиңирип, далай куржалак жаманаттыдан арылууга мүмкүнчүлүк алды. Ошентсе да оргуп турган энергияларын толук кандуу ишке ашырууга мүмкүнчүлүгү чектелди. Ордодогу оюндардын айынан Садыр Жапаров да анын айрым демилгелерин колдой албады. Акылбек деле адам, ал деле чарчайт-чаалыгат дегендей... Ошого байланыштуу, же дагы бир бизге белгисиз себептерден улам ошондой эс алууну суранышы мүмкүн. Бирок менин угушумча, анын суранычы кабыл алынбаптыр. Кетпейт имиш. Туура чечим. “Атаң алтымышка чыкканда алдап-соолап күчүн ал” деген ушу эмеспи!


Сурат Жылкычиев 
"Азия Ньюс" гезити
Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер