Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Сабыркул Ашимбаева: “Нарында коррупция менен күрөшүүгө өзгөчө басым жасалып атат”

Сабыркул Ашимбаева: “Нарында коррупция менен күрөшүүгө өзгөчө басым жасалып атат”

01-октябрь, 10:39
1 351 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

КР президентинин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү менен маек.

-- Сабыркул Абасович, облустагы абал тууралуу маалымат берсеңиз? Эң ириде оруп-жыюу, чөп чабык маселеси кандай болду? Быйыл кургакчылыкка байланыштуу тоют аз камдалып калган жокпу?

-- Учурда Нарын облусунда күзгү оруп-жыюу иштери кызуу жүрүп, аяктап калды. Быйыл облус боюнча 40198 гектар жер айдалса, анын 25102 гектарына дан эгиндери эгилген. 1-сентябрдан тарта облустун баардык аймактарында дан эгиндеринин түшүмүн чогултуу иштери башталып, 90 пайызга жакыны жыйналып бүттү. Тактап айтканда, 22117 гектар аянттагы дан эгиндеринен 52651 тонна түшүм алынды. Ошондой эле биринчи, экинчи чабыкта 355 миң 233 тонна тоют топтолду. Өткөн жылы 373 миң 505 тонна тоют чогултулса, быйыл аба ырайынын кургакчыл болгонуна карабай, тоют жаман эмес. 

Мал чарбачылыгындагы негизги маселелерден болгон тоют базасын жакшыртуу үчүн ирригациялык долбоорлорду ишке ашыруу, жаңы жерлерди өздөштүрүп, пайдаланылбай жаткан аянттарга суу жеткирүү аракеттери көрүлүүдө. Бул багытта “Айыл чарба өндүрүмдүүлүгүн жана тамак-ашты жакшыртуу” долбоорунун алкагында облустун аймагындагы Суу пайдалануучулар ассоциациясынын ички чарбалык каналдарын калыбына келтирүүгө 202 миллион сомдук 5 долбоор ишке ашырылууда. Мындан тышкары, өкмөттүн «2017-2026-жылдарга Кыргыз Республикасынын ирригациясын өнүктүрүүнүн мамлекеттик программасын бекитүү жөнүндөгү» токтомуна ылайык Нарын облусундагы 9 суу чарба объектисинин жаңы курулушу планга киргизилген. Быйылкы жылы 2 объектиде, тактап айтканда, Жумгал районундагы “Түгөл” суу сактагычында жана Кочкор районундагы “Шамшы” суу сактагычында курулуш иштери башталганы турат. Буюрса бул иштер жүзөгө ашса, жылдан жылга тоют базалары жакшырат (!) деген ниеттебиз. 

-- Кышка даярдыктар эмитен башталат эмеспи, отун-суу дегендей... Карапайым элди көмүр менен камсыз кылуу жагы кандай абалда? 

-- Бийик тоолуу, климаты катаал Нарын облусуна тез эле суук түшөт. Кышка камылга көрүү бизде эрте эле башталган. Июнь айында Кара-Кече көмүр кесиминде камылга боюнча штабдын жыйынын өткөрүп, көмүр ишканаларынын өкүлдөрү менен сүйлөшүлүп, баардык көйгөйлүү маселелер талкууланган. Райондордун жетекчилерине, тийешелүү кызматкерлерге тапшырмалар берилген. Кышка даярдык көрүү иштеринин баары азыр көзөмөлдө.  

Нарын облусунун бюджеттик мекемелерине, жылуулук ишканаларына жана калкына 2021-2022-жылдардын күз-кыш мезгилине жалпы 98 миң 713 тонна көмүр отуну керектелери пландалган. Бюджеттен каржыланган мекемелерге көмүрдү сатып, тартып алууга жарыяларды берүү иштери айыл өкмөттөрүндөгү, мекемелердеги түзүлгөн тендердик комиссиялар тарабынан жүргүзүлүп, келишимдер түзүлгөн.

Учурда “Турук” көмүр кенинен көмүр тартуу иштери башталды. 2021-жылдын 27-сентябрына карата облустун бюджеттик мекемелерине 4610 тонна, же 24%, жылуулук ишканасына 343 тонна, же 12%, калкка 1796 тонна, же 2%, жалпы 7363 тонна, же 7% көмүр тартылды. 

Нарын облусу боюнча «Кара-Кече», «Миң-Куш», «Дүңгүрөмө» жана «Турук» көмүр кесимдеринде көмүр казып өндүрүүчү 25 ишкана бар. Бирок айрым көмүр ишканалары көмүр казуу иштерин өз убагында алып барбай, жоопкерчилик менен мамиле кылбагандыгынын кесепетинен көмүр тартуу иши бир аз кечигип калды. Буюрса 1-октябрдан баштап “Кара-Кече” көмүр кесиминен көмүр тартыла баштайт. Бул боюнча көмүр ишканаларынын жетекчилери менен жыйын өткөрүп, макулдаштык. Жылуулук менен камсыздоо маселеси президентибиздин көзөмөлүндө. Элибизди күз, кыш мезгилине карата көмүр менен толук камсыз кылабыз.  

Облустун калкын үзгүлтүксүз көмүр менен камсыздоо максатында аймактарда 68 көмүр сатуучу кампалар уюштурулган. Учурда Кочкор жана Ат-Башы райондорундагы кампаларда 1976 тонна көмүр бар. 

-- Нарында туризм тармагын өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл бурулуп жатканынан кабарыбыз бар...

-- Туура баамдадыңыз. Туризм тармагы биздин экономикабызга киреше алып келе турган негизги табылгалардын бири болгондуктан, бул багытты өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл буруудабыз. Бизде туристтер кызыга турган керемет жерлер бар. Быйыл жай мезгилинде инвестиция тартып, Борбор Азиядагы Америка  университетинин материалдык-техникалык колдоосу менен баардык райондордогу туристтик жайларды, кооз жерлерди тасмага тарттырдык. Буюрса жакында тасма даярдалып бүтүп, ачылышын жасайбыз. Бул туристтерди тартуу аракетиндеги чоң жемиштүү иш болду десем жаңылышпайм. Эң негизгиси, туризм тармагында иш алып барган ишкерлердин, кызматкерлердин, коомдук уюмдардын башын кошкон ассоциация түздүк. Атайын чоң программа иштеп чыгып атабыз. Ал программада туристтерди тейлөөнүн сапатын жакшыртуу аракетиндеги иш кадамдарына өзгөчө көңүл бурулат. Буюрса жасалган иштердин жыйынтыгын жакынкы келечек көрсөтөт деген ишеничтемин. 

-- Күздөгү парламенттик шайлоодо бийликтин адамдары, бийликтин партиялары административдик ресурс колдонобу? Бул жагы кандай болот?

-- “Бул жолу дагы шайлоо таза, так өтөт” деп ишендирип кете алам. Эч кандай административдик ресурс колдонулбайт. Катуу көзөмөлгө алынат. Буга чейин элдин бийликке болгон ишеничинин кеткенине, нааразычылыгына, революциялык кадамдарга түрткөн эң негизги себептердин бири административдик ресурсту колдонуу болгонун баарыбыз билебиз. Азыр башка заман. Эч кандай кооптонууга негиз жок. Быйылкы жыл Кыргызстаныбыздын тарыхында бурулуш жылдардан болду деп эсептейм. Себеби, президентибиз Садыр Нургожоевич Жапаровдун аракети менен жаңы кадамдар башталды. Мамлекеттин Башмыйзамына толуктоолор киргизилип, мамлеттик башкаруунун түзүмдөрүнө чейин өзгөртүүлөр болууда. Коррупция менен күрөшүүгө өзгөчө басым жасалып, мурда калыптанып калган системадан чыгып, жаңы багыттарга кадам койдук. Ушул иштердин натыйжасы менен мамлекетибиздин мындан аркы тарыхында өнүгүү болоруна терең ишеничтемин. 

Анын ичинде Нарын облусунда көптөгөн жаңы саамалыктар башталып отурат. Нарындын өнүктүрүү фондуна Кумтөр алтын кенинен жылына 504 миллион сом каражат түшкөнү турат. Андан сырткары, “Агахан” өнүктүрүү тармагы аркылуу Швейцариядан 4,5 миллион доллар грант келери күтүлүүдө. Дүйнөлүк банк аркылуу Нарын облусунун мал чарбачылыгынын сапатын жакшыртууга аз пайыздык үстөк менен 5 миллион доллар каражат насыяга берилери сүйлөшүлүп жатат. Ушул каражаттар келсе, Нарын облусунда көптөгөн социалдык, экономикалык, агрардык, инфраструктуралык жана башка долбоорлор ишке ашат деген ниеттебиз. 


Сурат Жылкычиев 

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер