Сиз менен таанышууну ойлоп, көп кыялдана баштадым...
(Сабыр Жапаровго!)
Сизди курбу кызым мактап, бир кечеде чогуу отуруп калганын айтып берген. Ал күнү эс алуу көңүлдөгүдөй өтүп, баарынын маанайы шаттыкка бөлөнүптүр. «Президенттин агасы, өлкөдөгү эң таасирдүү адам» дешет. Чогуу иштеген кыздардын баары эле сизди таанышпайт, сыртыңыздан көп сөз кылышат. Адамгерчиликтүү, жөнөкөй, колу ачык, баардык маселени чечкениңиз кызыктырат экен. Мен да таанышкым келип, бирок жолугушуу пландала элек. Жай айлары ар кимибиз өзүбүзчө жумуштарыбыз менен алектенип жүрөбүз. Көп жашка улуу болсоңуз да менин курбум менен теңтуштардай сүйлөшкөнүңүздү, ага жардам бергениңизди билем. Эгерде экөөбүз таанышып калсак, башкаларды таштап кетсеңиз керек. Себеби, мен сулуумун, боюм узун. Жигиттерди чанып жүрүп, 25 жаштан ашып кеткенимди ойлоп, ичим сызылат. «Убакыт учкан куштай» деп бекер айтышпайт экен. Жакында курбумдун телефонунан сиздин номерди жазып алдым, бирок чала албай, тартынып жүрөм. Чындыгында мага акчаңыз керек эмес, Кыргызстандагы эң таасирдүү адам – Сабыр Жапаров менен таанышуу кызык болууда. Адамдын жакшы жактарын көп ойлосоң, билинбей эле жактыруу сезимдери жарала берет тура. Сүрөттөрүңүздү барактайм. Ооба, сизди көп кыялдана баштадым...
Айка, Бишкек шаары
"Азия Ньюс" гезити