Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Манас Саматов: “Дыйкандар митингге чыкса да суу маселеси чечилбейт”

Манас Саматов: “Дыйкандар митингге чыкса да суу маселеси чечилбейт”

19-июнь, 11:37
690 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

-- Дыйкандар өкмөткө тез арада сугат суу маселесин чечип берүү өтүнүчү менен кайрылып атышпайбы. Сугат суу маселесин тез арада чечүү, аны жөнгө салуу мүмкүнбү?

-- Суунун жетишпестиги күтүлгөн нерсе болчу. Болгону биз буга даяр болушубуз керек эле. Ал эми даярдыктын маани-маңызы жөнөкөй эле – өсүмдүктөрдү сугаруунун заманбап, жаңы технологияларына өтүү. Тамчылатып сугаруу, жамгыр сугат системасы. Биз булар тууралуу канча жылдан бери айтып келатабыз. Алгачкы үлгүлөрүн дагы көрсөттүк. Бирок, бул жалпы улуттук масштабда ишке ашкан жок. Ошондуктан, дыйкандар митингге чыгабы же башка кылабы, жакынкы арада бул маселе чечилбейт.

-- Сиз айтып аткан жаңы сугаруу методдоруна өтүүгө канча убакыт жана эмне талап кылынат?

-- Жаңы сугат системаларын бүгүнтөн баштап орнотпосок, эртең кырдаал мындан дагы оорлойт. Бирок, канча жылдан бери айыл чарба тармагын жетектеген адамдардын арасында бир дагы кесипкөй адис жок. Реформатор, новатор эмес, көрүнгөн кишини көчөдөн алып келип министр кылышат. Анан кантип система оңолсун? Маселе бир күндө чечилип калбайт да. Ошон үчүн эмки жылга карата бүгүнтөн тарта даярдык көрүш керек. Жаңы токтомдорду кабыл алып, заманбап системаны киргизиш үчүн болгон тоскоолдуктарды чечүү зарыл. Аны чечүү үчүн ошого көзү жеткен адистер керек.


Мээрим Асанова 

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер