Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Зеленский Япониядан Россияга каршы санкцияларды күчөтүүнү суранды

Зеленский Япониядан Россияга каршы санкцияларды күчөтүүнү суранды

23-март, 19:29
567 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Украинанын президенти Владимир Зеленский 23-мартта Япониянын парламентинде видео байланыш аркылуу билдирүү жасап, Москванын агрессиясына санкция менен жооп кайтарганы үчүн ыраазычылык билдирди.

Ал санкцияларды дагы кеңейтип, Россия менен соода-сатыкка толук чектөө киргизүүнү өтүндү.

Зеленский буга чейин АКШнын Конгрессинде, Германиянын Бундестагында, Израилдин Кнессетинде билдирүү жасап, Россияга каршы санкцияларды күчөтүүнү суранган. Мындан сырткары, эл аралык уюмдардын жана бирикмелердин платформаларында, ар кайсы өлкөлөрдө өткөн митингдерде да видео аркылуу сүйлөгөн.

Украин президенти 23-мартта Франциянын улуттук жыйынында да видео байланышка чыгары күтүлүүдө. 24-мартта НАТОнун Брюсселде өтчү саммитинде жана Швециянын парламентинде кайрылуу жасайт.
Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер