Акыркы кабарлар
» Жанирмем » “Бактылуу жашоомду бир заматта энемдей болгон аял бузуп койду”
“Бактылуу жашоомду бир заматта энемдей болгон аял бузуп койду”
17-ноябрь, 19:44
2 929 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌Эки балам неребе күткөн аялдын айынан жетим калып, ар кимден кагуу жеп отурат.
Карантинден кийин жумуштарыбыз токтоп калып, жолдошум Москвага досунун жанынан иштегени кеткен. Үч жана бир жарымдагы бала менен мен үйдө отуруп калдым. Иштейин десем балдарыма каралашар эч ким жок. Күйөөм алты ай аз- аздан акча салып жаткан, мына үч ай болду, биз менен таптакыр сүйлөшпөй калды. Чалсам телефон номери иштебейт дейт. Батиримдин акчасын төлөй албай, учурда кайын журтума баргам. Күйөөмдун досунун аялы менен байланыштым. Анын айтуусунда, күйөөм Москвадагы батиринде чогуу жашаган чоң эле аял менен нике кыйдырып жашап алыптыр. Бул кылыгы баарыбызга жетти. Эми эки балам менен кайним бизди батырбай жатат. Балдарымды кагып-силкип, кээде улуусун уруп коёт. Бир жолу ажыратып, “эмнеге урасың?” десем, “агамдын башка катыны бар, сен эмне жүрөсүң жүк болуп?” деди. Кетип калайын дейм, апамдын колунда да келин бар. Ал жактан да балдарым батпай калабы деп жүрөкзаада болуудамын. Небересиндей балдарды жетим калтырып, уулундай эркекти өзүнө имерип алган аялды эки дүйнөдө кечире албайм!