Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Жакшы акча, кымбат кийимим болгон менен келечегим туман. Үй-бүлө кура албайм го...

Жакшы акча, кымбат кийимим болгон менен келечегим туман. Үй-бүлө кура албайм го...

02-июнь, 12:14
2 026 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Мен 2019-жылы айылдан келгем. Жакшы жумуш таба албай, тааныш эжелер аркылуу бир кечеге барып, Айдай деген кыз менен таанышып калдым. Кийген кийими бир укмуш эле. “Иштейм, сен да кааласаң иште, акысы жакшы” деп калды. “Үйдөн эле отуруп алып иштей беребиз” десе, мага абдан кызык болду. “Ойлоноюн” деп коштошуп кеттим. Иш караштырып, туруктуу иш таба албай, Айдай эженин номери менен байланыштым. Ал дароо эле “келип кал. Бирок, биз менен чогуу жашайсың, кийим-кечеңди ала кел” деди. Эжем-жездемдер менен турчу элем, аларга айтып, “ишим жакшы экен, фирма экен, бөлмө тазалап койсок болду экен” деп алдап чыктым. 

Бул “шумдук” деген иши – денебизди сатып иштейт экенбиз. Жашаган квартира укмуш, баары бар десем болот. Чет жактан келген адамдарды тейлейт экенбиз. Кетип калайын дейм, кыздардын кийген кийими, кармаган акчасы мени кызыктыра баштады. Акыры мени шайтан азгырып, бул ишке кирип кеттим. Эми эртеңки күнүм туман... Жакшы акча, кымбат кийимим болгон менен келечегим туман. Үй-бүлө кура албайм го... Баарын кеч түшүнүп, бармак тиштеп отурам...

Айка

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер