Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Бейшенбек Абдразаков, экс-депутат: “Араб “джипке” минди, кыргыз “итке” минди”

Бейшенбек Абдразаков, экс-депутат: “Араб “джипке” минди, кыргыз “итке” минди”

03-июнь, 09:00
691 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

-- Бейшенбек мырза, бийлик кымбатчылык күч алган үчүн пенсияны жогорулатууга аракет кылып жатабы?

-- Бийлик кымбатчылыкты эске алып, пенсияны 6800 сом кылып көбөйтөбүз деп аракет кылууда. Ошондой эле элди жакырчылыктан чыгарыш үчүн соцкелишим аркылуу көп жарандарга чакан бизнес ачып берип жатат. Соцкелишимден каражат алгандар ачкан бизнесин жакшы иштетип, бутуна туруп кетишсе, көп адамды жакырчылыктан чыгарып кетет деп ойлойм.

Жалпы элибизди жакырчылыктан чыгыш үчүн комплекстүү, туруктуу 20-30 жылдык улуттук долбоор иштеп чыгып, ошону ишке ашырыш керек. Мен курултайда ушундай сунуш бергем:

Кудай байысын деп арабга мунай, кыргызга суу бердиАраб “джипке” минди, кыргыз “итке” минди. Кыргыздын арабдан эмнеси кем? Келгиле, абалдан чыгуунун жолун издейбиз.

-- Кыргызды жакырчылыктан чыгарып, байытуунун жолу барбы? 

-- Бар. Ар бир үйгө күн батареясын, шамал электростанциясын, биогаз жабдыгын орнотуш керек. Ошондой эле 452 айыл өкмөткө 5-6дан чакан ГЭС, ар бир үйгө бирден скважина орнотсок, кыргыз байыйт. Ошондо кыргыздар Кудай берген ырыскыны, сууну туура пайдаланат. Элибиз бейиштегидей жашап, периштеге айланат.  


"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер