Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Имам Садыбакас менен Өзүбек ажынын кыздардын жамбашына асылганында мандем бар окшойт

Имам Садыбакас менен Өзүбек ажынын кыздардын жамбашына асылганында мандем бар окшойт

15-июль, 19:30
515 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Жаттап алган курандын аяттарынан башканы билбеген, адам укугунан кабары жок, караңгы имам Садыбакас Доолов “кыздардын эти арзан, ошон үчүн базарда эт кымбат” деп “балп” этип салды эле, коомчулук ызы-чуу түштү да калды. Кыргызстандын диндарлары ушунчалык караңгы, чектелүү экендигин көрсөтүшүүдө. Өзүбек ажы болсо өлкөнүн намысын коргоп жүргөн балбан кыздарды “окорочка” деп шылдыңдаган. Эми молдолордун билимдүү деген авторитет имамы кыздардын этине асылып аңкылдады. Алардын ою боюнча аялзаты ачык жүрбөй, чүмкөнүп, паранжы жамынып басыш керек. Ошондо маселенин баары чечилет окшойт. Тескерисинче, “ошол жоолук салынган азыр “модага” айланып, жоолук салынып алып, кылбаганды кылган кыздар көбөйдү” деп айтышууда. Сакалчандардын арасынан ууру-кески, кылмыш кылгандар чыгып жатканына күбө болуудабыз. Молдокелер кыздардын ар-намысына дайыны жок тийишкенди коюп, катынга окшоп узун этек көйнөк кийип, селде кармап, сакал коюп, динди жамынган Телибай тентектерин тыйып алышса жакшы болмок. 

Имам Садыбакас менен Өзүбек ажынын кыздардын жамбашына асылганында мандем бар окшойт. Булардын психикалык саламаттыгын текшертүү керекпи? 


"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер