Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Бөдөш Мамырова, экс-депутат: “Ташиев менен Зулушевдин ортосунда тирешүү жаралбайт”

Бөдөш Мамырова, экс-депутат: “Ташиев менен Зулушевдин ортосунда тирешүү жаралбайт”

27-октябрь, 09:00
709 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

-- Бөдөш эже, акыркы мезгилде түрдүү сөздөр чыга баштады. Айрымдар “Садыр Жапаров менен Камчыбек Ташиевдин мамилеси солгундап, таарынычтар жаралды” дегенди ишенимдүү айта башташты. Чын эле таарынышып кетиши мүмкүнбү? 

-Экөөнүн мамилесинин солгундап кетишине негиз деле жок. Айтылып жүргөн күмөн саноо, божомолдор кезектеги имиш кептер го. Негизи экөөнүн мамилесинин бузулушун каалаган, кызыкдар болгон тараптар бар окшойт. Анткени, маал-маалы менен коомчулукка маалымат ыргытып, “мамилелери солгундап калыптыр деген пикир жараткысы келгендер барАлбетте, жумуш болгондон кийин талаш-тартыш болот, бирок экөө эки жакты карап кетти дегенге негиз жок, андайга жол беришпейт. Таарынышкандай эмне талашы бар? Кызыкчылыктары бирдей, бир багытта эле бараткандай, өтө деле ажырым сезилбейт...

-- Камчы Көлбаевдин УКМК тарабынан атылганын, мыйзамдуулугун аскер прокуратурасы териштирип атканын президент жарыя кылды. Мунун айынан Ташиев менен Зулушевдин тирешүүсү жаралбайбы?

-- Албетте, акпы-карабы, адам өлүмү катталды, болгондо дагы атайын кызматтын жүргүзгөн операциясы боюнча. Териштирүү иштеринин жүргүзүлүп атканы мыйзам ченемдүү эле көрүнүш. Аскер прокуратурасы иликтегени үчүн экөөнүн мамилеси бузулуп, тирешүү жаралат деген болбогон кеп. Анткени, Ташиев да, Зулушев дагы иштин тыкыр иликтенип, мыйзамдуу баасын алышына кызыкдар. Ошон үчүн болуп өткөн окуяны терең түшүнүү менен коомчулуктагы ар кандай такталбаган маалыматтарга чекит коюу үчүн аскер прокуратурасы иликтегени туура эле. 


"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер