Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Сырттан келген мигранттар 35 миңге жетти. Алар үй-бүлөлөрүн кантип багышат?

Сырттан келген мигранттар 35 миңге жетти. Алар үй-бүлөлөрүн кантип багышат?

27-август, 14:25
798 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Үч айдан бери Россия, Казакстан ж.б. өлкөлөрдөн келген мигранттардын саны 35 миңге жетти. Ансыз да Кыргызстанда пандемиядан кийин жумушсуздук күч алып турганда, огобетер бул көрүнүш кошул-ташыл болууда. Жакырчылык барган сайын курчуп баратат. Саясый кырдаалдын алдын алып, бийлик шайлоону адилеттүү, калыс өткөрүүгө басым жасашы зарыл. Эң башкысы, туруктуулукту камсыздоо милдети турат. Иш жүзүндө баардык партияларга бирдей шарттар түзүлсө, мыйзамдуулук сакталса, коомчулук дагы тынч болору шексиз. Иралды өкмөт “шайлоонун шайтан оюндарына” алаксыбай, жумуш орундарын чечүүгө, инвестиция тартууга далалат жасашы керек. Сырттан келген 35 миң мекендештерибиз үй-бүлөлөрүн кантип багышат? Премьер-министр Боронов болпоюп отура бербей, көчүгүн кичине көтөрүп, кыймылдаса не? 


"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер