Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Жарым жылда кыргыз жарандарынын Россияга агымы 45 пайызга көбөйдү

Жарым жылда кыргыз жарандарынын Россияга агымы 45 пайызга көбөйдү

31-август, 15:26
491 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Россиянын ички иштер министрлиги биринчи жарым жылдыктын жыйынтыгы боюнча Кыргызстандан келген жарандардын саны кыйла көбөйгөнүн белгиледи. Бул тууралуу журналисттерге ИИМдин миграция маселелери боюнча башкы башкармалыгынын орун басары Юрий Конобеевский билдирди.

Ал Россия квалификациялуу адистердин келишине кызыкдар экенин, ал эми мигранттардын 57 пайызы жумушка келгенин кошумчалады. 2023-жылдын алгачкы алты айында эле Кыргызстандын жарандарынын Россияга агымы 45 пайызга көбөйүп, 460 миң адамды түзгөн. Алардын 57 пайызы жумушка келген. Мындан тышкары, Россияда жашап турууга уруксат алган кыргыз жарандарынын 11 пайызга өсүшү байкалууда.

«Биздин өлкө ар кайсы тармактардан кесипкөй адистердин келишине кызыкдар» деп белгиледи ИИМдин өкүлү. 

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер