Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Динди жамынган Динара Ашымова мугалимдерди кордогону келгенби?

Динди жамынган Динара Ашымова мугалимдерди кордогону келгенби?

04-февраль, 09:00
1 166 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Динара Ашымова аттуу эң аз добуш алып, аялдардын квотасы менен эптеп-септеп депутат болгон айым бар. Ал шайлоого жакын калганда жоолук салынып, динчилдер колдогон партиядан өттү. Бу динчилдерди алдаш оңой эле турбайбы. Аялдар жоолук салынып, оронуп алса, эркек сакал коюп, колуна селде кармап, же ак дамбал, узун этек көйнөк кийип, башына чалма салынып алса эле эл “момун мусулман” деп ойлоп калышат экен. 

Себеби, Динара менен мурда прокуратурада чогуу иштеген кесиптештери анын намазга жыгылганын дегеле көрүшпөптүр, эми жоолук салынып алганын угушуп, ооздору Ошту карап отурат. Эми ошол миң кубулуп турган Д.Ашымова Жогорку Кеңештин билим берүү, илим, саламаттык сактоо, маданият жана спорт комиссиясын жетектеп, эл агартуучулардын укугун коргогондун ордуна балдарды тарбиялап жаткан мугалимдерге асылып, билим берүү министринин орун басары Н.Жусупбекованы бурчка такады. Эне-атасынын байлыгына чиренген маңкуртчалыш, тентек мадырабаштарды какыс-кукус кылып тарбиялабаса, эсирген ээнбаштар мугалиге баш бербейт. Ошон үчүн мектепте тартиби начар балдардан запкы жеп жаткан мугалимдердин укугун коргош керек. 

Кыскасы, Кашкар Жунушалиевге окшогон элге ок аткан качкын, саткын министрдин жактоочусу болуп, акчадан башканы ойлобогон Динара Ашымова карапайым мугалимдин көйгөйүн кайдан түшүнсүн? 


"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер