Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » “18 жашка чыкмайынча өспүрүмдөрдү мажбурлап намаз окутуу туура эмес”

“18 жашка чыкмайынча өспүрүмдөрдү мажбурлап намаз окутуу туура эмес”

23-январь, 09:00
668 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

     “Мектеп жашындагы өспүрүмдөрдү намазга жыгуу туурабы? Диний сабаттуулукту кантип жайылтабыз?” деген собол таштадык.

Клара Ажибекова, коомдук ишмер:

-- Бул татаал суроого жоопту “өспүрүмдөрдү намазга жыгуу туура эмес” деп айтарым менен эле аңдып турган ашкере динчилдер (андайлар биздин мамлекетти каптап кетишти) мени тыткылап киришет. А чын-чынында өспүрүмдөрдүн намазга жыгылуусу туура эмес. Мектеп курагындагы балдар мектептен гана билим алып, ар тараптуу акыл көрөңгөсүн кеңейтүүсү керек. Экинчиден, 18 жашка толгуча дин аалымдары өспүрүмдөрдү мечитке үндөп, беш маал намазга жыгуусу да калпыстык. Светтик мамлекет болгондон кийин бала мектепти бүтүп, 18 жашка толгондон кийин гана кайсы динди тутунарына эркиндик берилет. Ал эми диний сабаттуулук деген эмне? Бул да өтө чоң маселе. Дин жагынан сабаттуу болуу үчүн жаран атайын мамлекет тарабынан уруксат берилген медреселерде, диний окуу жайларынан билим алуусу кажет. Мындай нерселер мамлекеттин жүргүзгөн саясатына тоскоол болбошу керек.

Асыкбек Оморов, коомдук ишмер:

-- Өсүп аткан балдар бир гана илим, билим алып, мектепте гана окуш керек. Намаз окугусу келсе, мектепти бүтүргөндөн кийин деле кеч эмес. Диний багыттагы адамдар ашыкча бийлик иштерине кире баштады, бул дегеле туура эмес. Андай эле балдар намаз окугусу келсе, медреселерге барып намазын окушсун. Эң туура эмес чечим – намазды мектепте окуткан. Биз светтик мамлекетпиз да, ашыкча чечим кабыл алган дегеле туура эмес.

Анарбек Усупбаев, коомдук ишмер:

-- Бул маселе көптөн бери келаткан нерсе. Биздин Башмыйзамда баары жазылуу: 18 жашка чыкмайынча эч кимдин акысы жок, мейли медресе, мейли диний мектепке мажбурлап окутууну, намазга жыгылууну, кыскасы ушу. 18 жашка чыккандан кийин мага демектен колуна сийип алып басып кете берсин, кайсы динди кабыл алат, кайсы медресеге барат, эмнени окуйт (?) дегендей. Ага чейин мамлекет уруксат бербеш керек жана көзөмөлдү катуу кылуу кажет. Кээ бир медреселерде жаш өспүрүмдөрдүн башын айлантып, бачабаз кылып коюп атышканын угуп калабыз. Ушундай кантип жорук болсун?! Бул боюнча көп эле нерселерди айта берип тажадым. 

Жакында эле айыл жакка барсам, жума күнү мектептин окуучулары “жума намазга барабыз” дешип, кийинки сабактарга катышпай мечитке кетип калышты. Анан мечиттин сыртындагы кумгандагы муздак сууга даарат алып атышат. Эми ушул көрүнүш жакшыбы? Билим кана, балдардын ден соолугучу? Бүт баалуулуктар өлдү да. Булар мектептин директорун адам катары көрүшпөйт окшойт, баш ийишпейт...


Сурат Жылкычиев 
"Азия Ньюс" гезити
Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер