Акыркы кабарлар
» Коом » Бир үйдөн үч адамдын өлүгү чыкты
Бир үйдөн үч адамдын өлүгү чыкты
23-ноябрь, 18:42
892 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌Наманганда бир үй-бүлөнүн үч мүчөсү истүү газга ууланып каза болду. Жабыркагандардын арасында 6 жашка жаңы чыккан бала да бар. Бул тууралуу QALAMPIR.UZ сайтына Өзбекстан Республикасынын башкы прокуратурасынын басма сөз катчысы Хаят Шамсутдинов билдирди. Окуя үстүбүздөгү жылдын 20-ноябрында саат 16:00дө болгон.
Поп районунун Тинчлик кичирайонунда жашаган 1971-жылы туулган Э.Тулаганова, анын 2016-жылы туулган баласы Ф.Турдалиев жана конокко келген 1947-жылы туулган кайненеси Д.Юлдашова көмүрдүн исине ууланышкан.
Бул жагдайга байланыштуу райондук прокуратура тарабынан иликтөө иштери жүрүп жатат.