Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Канышай Мамыркулова, журналист: “Акылбек Жапаровдун ордуна адам таппай жатышкандай...”

Канышай Мамыркулова, журналист: “Акылбек Жапаровдун ордуна адам таппай жатышкандай...”

06-ноябрь, 19:30
655 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

-- Канышай эже, министрлер кабинетинин башчысы Акылбек Жапаровдун кышка даярдыгы байкалып жатабы? 

-- Акылбек Жапаров тууралуу пикирим элге дайын. Жер жайнаган мамлекеттик жеке компанияларды ачты, канча каражат кетти? Кана жыйынтык? Эртең-бүгүн кетет дешти эле, ордуна адам таппай жатышкандай...

Кышка даярдык боюнча сурайлы деп өткөндө Жогорку Кеңешке чакырса келбей койгон, кийин келди окшойт. Кудайдын көзү түз болуп, күн жылуу болуп турат. Бир жагынан, Акылбек Жапаровдун даярдыгы эмес, анын сарбагыш уруусунан Жамалбек Ырсалиев деген кыйын иниси бар, мисалы, “Бишкек жылуулукка” жаңы отказандарды алып келди, иштеттиби билбейм, шаардын бир топ аймагын оңдоп койду. Ошолор абийирин жабат да. Эгер кыш күрөөдө электр тармагы майнинг фермаларынан улам авария болсо, азабын эл тартат, аны ойлонгон деле адам жок.

-- Мурда ишин жөндөй албай башка кызматка кеткен Айбек Жунушалиев кайра эле Бишкек шаарынын мэри болду. Бул арагсыздыкпы же аны кызматка тартуунун башка максаты барбы?

-- Бул жерде бир жагдай бар. Бишкек шаар мэрлиги, ички иштер министрлиги кызматтары Сары Өзөн менен ошондой эле Чүйгө отурукташып калган саруулардан, аларга мамилелери жакын таластыктардан арта элек. Эки жолу Нарындан мэр болду окшойт. Чүйдүн 20-30дай аксакалдары бар, ошолор эле маселе чече берет. Премьер-министрликке керээлден-кечке сарбагыштар келе бергендей эле окуя. Айбек Жунушалиев ошонун эле эпкини менен келди. Мунун эмнесин жашырабыз? Туурасы ушул…

-- Эмнеге президент мурда жыдыган, жаза баскан жетекчилерди кайрадан көтөрүп атат?..

-- Эми Алымкадыр Бейшеналиев менен адамдык мамилеси жактан өтө жакындыгы бар экен. Айбек Жунушалиев бир чети көз алдында иштеди, жоош жигит, көңүлүнө туура келиши мүмкүн. Жалпысынан алганда, кадр тандоо маселеси аксап турат, анткени, бийлик башына Октябрь окуяларынын шарапаты менен күтүүсүз келишти... Бирок, жетишерлик убакыт деле болгондой болду. Менимче, болгон-бүткөн кебетебиз ушул болсо керек. Балким, баалай албай жаткандырбыз, аны мезгил көрсөтөт… 

"Азия Ньюс" гезити
Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер