Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Ибрагим Нуракун жеңил пиар менен вируска ишенбөөчүлүк жараттыбы?

Ибрагим Нуракун жеңил пиар менен вируска ишенбөөчүлүк жараттыбы?

23-июнь, 02:13
954 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

“Коронавирус – элди коркутуу, алаксытуу үчүнбү?” деген соболдор кырынан коюла баштады. Өкмөттөгүлөр “үйүр тобу” менен жабыла сүрөткө түшүп жатышса, маска кийишпесе, чоң шектин башаты го? Булары аз келгенсип, башка да алаңгазарлар чыгышканы өкүнүчтүү...

Жогорку Кеңештин чиновниги Ибрагим Нуракун уулу коронавируска чалдыкканын жар салып, бирок ооруканадан жамак жазып, тамаша айтып, иштеп жатканы кандай? Ооруган адам бүк түшүп, эч нерсеге маанайы жок болот эмеспи. Тескерисинче, Ибрагим Нуракун уулу ар ким менен видеозвонокторун жарыялап, жыргап жатса, коронавирус болгонуна ким ишенет?.. О.э. Бишкек шаарынын мэри Азиз Суракматовдун да дене табы көтөрүлүп, сыркоолоп калганы айтылган. Кызыгы, ал дагы эргүү менен эмгектенгени эмнеси? Же вирус жугузгандар активдешип, энергиясы ашып-ташып кетишеби? Айтор, суроолор көп, түшүнбөйсүң...                            

Дал ушундай чиновниктердин жеңил пиарынан улам эл арасында ишенбөөчүлүк жаралып, “жасалма вирус” катары пикир калыптанып жатпайбы! Артыгынан тыртыгын чыгаргандар коомчулук алдында шек жаратып салышса, деги ушул эргулдарды тыйып койчу акыл-эстүү жан калбадыбы?..

Aryba.kg

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер