Кумтөргө байланышкан терс иштер Атамбаевдин буйругу менен болгонбу? Сариев саймедирегенде
Аз күн мурда экс-премьер-министр Темир Сариев Кумтөр боюнча сурак берип, камырдан кыл сууругундай ыраатын көрсөткөнү маалымдалган. Биз бул боюнча кызыгып көрүп, тереңине үңүлсөк, жашыруун маалыматтын сенсация экенине баа бердик. Темике Кумтөргө байланышкан ишмердигин жипке тизген шурудай айтып берип, баардык терс иштер Алмазбек Атамбаевдин буйругунун негизинде болгонун шардана кылыптыр. Бир эсе тергөө менен кызматташып, аларга жардам бергени ыраспы? Атамбаев бийликте тургандагы шектүү келишимдердеги катачылыктарды да жашырбаптыр. Кыскасы, күнөөнүн негизги өзөгү экс-президентке оодарылып, Темир Сариев таза чыкканын эшиттик. А болбосо көпчүлүк камаларын күтүп жатышпады беле? Албетте, бул боюнча купуя сыр акыры коомчулукка чыгып, ийне-жибине чейин талданары шексиз.
"Азия Ньюс" гезити