Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Динара Ашимова: “Мыйзамдарды шашылыш, тез кабыл алуу жаман практика болууда”

Динара Ашимова: “Мыйзамдарды шашылыш, тез кабыл алуу жаман практика болууда”

13-май, 21:25
368 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

-- Динара Ашимовна, билим берүү жөнүндөгү мыйзам комитетте талкууланып жаткан учурда министр Алмазбек Бейшеналиев долбоорду пикир суроо жолу менен кабыл алып берүүнү суранганы айтылды. Кандай дейсиз, мыйзам долбоору ошондой жол менен кабыл алынганы туура болобу?

-- Негизи, бизде регламент боюнча сурамжылоо жолу каралган эмес. Өзгөчө кырдаал болуп баратса, депутаттар айрым долбоорлорду мамлекеттин кызыкчылыгында тез арада, сурамжылоо жолу менен кабыл алышы мүмкүн. Ал эми башка мыйзамдардын баары өзүнүн тартиби менен кабыл алынышы керек. Бул – Жогорку Кеңештин жумушу, милдети. Өзүңүздөр билесиздер, өткөн чыкырылышта кээ бир мыйзамдарды шашылыш, тез кабыл алуу жаман практика болуп калган. Азыр эми алардын көбүн кайра оңдоп атпайбызбы. Депутаттар мыйзам долбоорун талкуулабай туруп, пикир суроо жолу менен кантип кабыл алат? Ошол сапаттуу мыйзам болобу? Биз бул жерде сапаттуу мыйзам чыгарабыз деп отурабыз. Айлык алып жатабыз, ошону акташыбыз керек да.

-- ЖОЖдордун ректорлорун дайындоо боюнча маселе да чоң талаш жаратты. Кээ бирөөлөр “ректорлукка талапкерлер Жогорку Кеңеш аркылуу өтсүн” дешсе, айырымдар “президент дайындасын” дешүүдө. Сиз кайсынысын туура көрөсүз?

-- Бизде төрт мамлекеттик окуу жайы бар, алардын жетекчилерин президент өзү дайындашы керек. Менин оюм ушундай. Ал эми калган 29 ЖОЖ боюнча мыйзамдын долбоорунда дайындалат деп эле жазылып, кандай тартипте дайындалары, кантип иштен алынары, талапкерлерге кандай квалификациялык талаптар коюлары жазылбай калыптыр. Ошол себептен ушул суроо чыкты окшойт. Эми муну депутаттар менен кошо талкуулаш керек. Менин көз карашымда, эң негизгиси, дыйындалуу жана иштен алуу тартиби так, түшүнүктүү жазылышы зарыл. 


"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер