Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Орусиянын түрмөсүндө жатып, сабалдым, сиңдимден айрылдым...

Орусиянын түрмөсүндө жатып, сабалдым, сиңдимден айрылдым...

15-август, 13:53
2 908 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

“Уурунун куйругу кууш” дегендей, Орусияда бир ишти мойнума илип, бир жылга кесилдим. Темир тордун артында калуу айтылгыс азап экен. Бөтөн эл, бөтөн жер. Ар кайсы жерден келген кыз-келиндер, мусулмандарды жаман көрүшөт тура. Өзгөчө украинка, молдованкалар мага өч болуп алышты. Мен өзүм боюм узун, тайгандай болуп шамдагаймын, көптөп кетпесе үч төртөөнө жөн эле алым жетет. Жаштайымдан уурулук кылып жүрүп, шылуун болуп калгам, орусчаны да так сүйлөйм, ар кимдин ичи койнуна кирип, алдап алам... Жаңы жылды майрамдап жаттык, тостор айтылып мага да кезек жетти. Мен анекдотту жакшы билген үчүн биринин артынан бирин айтып күлдүрүп отурдум.

Бул жерди караган Анька деген орус аялга аябай жактым, жанына отургузуп алды.

Ошентип орустар айткандай, «душа компании» болдум. Тышымда баары жакшы болгону менен ичимде бир нерсе буулугуп чыга албай жүрдү. Түрмөнүн мыйзамы менен бирөөнүкүн уурдап алган болбойт, билсем да шурудан жасалган кутучаны уурдап, бирөөгө сатып жиберип, ордуна тамеки, самын алдым. Аным үч күндө билинип калып, Анька жини келип, мени сабатып салды. Эс учумду билбей бир күн жатыптырмын, көзүмдү ачтым. “Суу ичесиңби? деп кыргызча сүйлөп, бир аял турат. Ал Фатима деген татар аял экен. Көпкө жакшы боло албай жаттым. Фатима эже беш убак намаз окуйт. Мага көп нерсени айтса да бир жагынан кирип, бир жагынан чыгат. Эч көңүлүм келбей жүрдүм. “Сиңдиң каза болду деп кабар келди, эч нерсе менен ишим жок жүргөн жаным башка чапкандай эле болдум. Үйүмдү, ата-энемди эми эстедим, же бара албайм. Кичинебизде ошол сиңдиме кошунанын алчасын уурдап, үйдүн артында отурганыбызды эстеп, ыйлап алдым. Фатима эжеге айтсам, куран окуп койолу деди, ушундай мукам үн менен жай окуп жатса, көзүмдү жумуп алып куран ушундай уккулуктуу экенин эми сездим. Кечинде дагы окуду, китебин алып, бир сыйра көз чаптырдым. Ошол күндөн баштап куран окуганды төрт күндө үйрөнүп алдым. Фатима эже да билгендерин үйрөтүп жатты, жеңилдегендей болуп калдым. Акырында башыма чыгып алган шайтаным түштү окшойт, багымдатты окуп калдым. Абакта намаз окуп жатсаң, эч ким тийишпейт, мыйзамы ошондой. Ошентип жүрүп, беш маал окуп калдым, жүрөгүм тазарып, ыйман орун алганына шүгүр кылам. Уурулук кылбай оокат кылганга бел байладым..

Мөөнөтүм бүтүп чыктым, жумушка оңой менен албайт экен, ууруну ким алат? Ошентип ар кайсы жерде иштеп жүрдүм, официант бала менен таанышып калдым, күндө “жолугалы” деп чалат. Мен болсо «түрмөдө отурган” деген мөөр басылган турмушумду кантип айтам, болбой “үйлөнөм” деп чыкты, акыры айтып, кетип калууну ойлодум. Айтсам баарына кайыл болуп, “үйлөнөм” деди, сөз бергендей бир да жолу козгогон жок, кыздуу болдук. Кызым бакчага барат, бир күнү жаңы оюнчук пайда болуптур. “Бул кайдан?” десем, “мен апкелдим, эртең алпарып коем” деди. Эртеси керебеттин астынан таап алдым. “Демек, уурдап келген” деп катуу жазаладым. Бирок бир нече жолу кайталанды, “мени тартып ууру болуп калбасын” деп катуу көзөмөлгө ала баштадым. Тобоо, мендей болуп билгизбей илип кетет экен, антпе деп айтып жаттым. Сен эмне кылганыңды Кудай көрүп коет, кийин отко күйгүзүп жазалайт деп койгонума аябай таасирленди. Кечке сурады. Ошентип, кызымды да Кудайды таанытып, тарбия бере баштадым. Азыр 3-класста окуйт, менден көптү билет, аяттарды жаттады. Өз катаман өзүм сабак алып, кызымды жакшы жолго салып алганыма сүйүнөм. Бул жашоодо адам жашап жаткандан кийин, эч нерсенин кечи болбойт экен. Намаз окубасаңыз да жаман иштен, жаман сөздөн алыс болуп, түбөлүктүү үйүбүздүн пайдубалын тургузалы. Бар болуңуз, окурманым!


РумоМосква шаары

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер