Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Равшан Жээнбеков: “Мени күнөөсүз, далилсиз камап алышып, сотту жабык өткөрүп атышат”

Равшан Жээнбеков: “Мени күнөөсүз, далилсиз камап алышып, сотту жабык өткөрүп атышат”

12-июнь, 13:39
1 338 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

-- Түрмөдөгү абалыңыз жөнүндө айтып берсеңиз? Сизге мамиле кандай? Эмне менен алексиз?

-- Шартым башкалардыкынан бир аз катаал. Өз оюмду ММКлар аркылуу дайыма ачык айткандыктанбы, оозумду жабышка бир топ аракеттер болду. Ушуга байланыштуу көзөмөлдү күчөтүшүп, мага карата мыйзам үстөмдүгүн толугу менен орнотушту. Азыр тышкы дүйнө менен байланышым кат жана адвокатым аркылуу гана ишке ашат.

Биздин СИЗО түрмөлөрдүн эң катаалы. Советтик жазуучу, коомдук ишмер А.Солженицын жазган “ГУЛАГдын” негиздери аликүнгө чейин калып калган.   Биздин түрмөлөр адамды тарбиялоого эмес, басмырлоого, кыйноого, сындырууга жана ден соолугунан ажыратууга ылайыкталган. Жабык жайлар – жалпы өлкөбүз сыяктуу эле коррупциялашкан, коммерциялашкан, анча-мынча өзгөрүүсү бар, бирок радикалдуу реформаны талап кылган система. 

Мага мамиле мыйзам чегинде, 2-3 ай адвокатым менен жолуга албай, үй-бүлөм, жакындарым менен кат жазыша албай кыйналдым. Эми гана бул маселелер чечилди. Түрмө – албетте, оор, катаал чөйрө. Бирок адам кээде катаал чөйрөдө дагы жакшы нерселер менен алек болуп, негативди позитивге айлантса болот. Азыр камералаштарыма англис тилин окутуп атам. Аябай кызыгып окушат. Камерабыздын ичи англис сөздөрүнө толо. Манделанын, Гандинин китептерин бүтүп, учурда Айн Рэнддин “Атлантын”, А.Солженицындын “Архипелаг ГУЛАГ” китептерин баштадым. Түрмө, жашоо, мамиле, адамдар, саясат, экономика боюнча китеп жазып жатам. Кичине камеранын ичинде бир жумада үч-төрт жолу спорт менен машыгам. “Азаттыктан” жаңылыктарды угам. Менин позитивдерим ушулар. 

-- Сиздин оюңуз боюнча, сот процесси кандай өтүүдө?

-- Соттор мурдагы президенттерге кандай кызмат кылышса, азыр деле бийликке кызмат кылууда. Соттун бийликке көз каранды болуп, заказ аткарып атканы, менимче, баардык эле акыл-эстүү адамдарга түшүнүктүү да. Сотту бийликтин жакын прокурору башкарат. Ал прокурор эмнени айтса, сот ошону кылат. Биз адилеттик издегенибиз, мыйзамдуулукту талап кылганыбыз – мага ээн талаа, эрме чөлгө барып кыйкырып аткандай эле элес калтырат. Күнөөсүз, далилсиз камап алышып, айлалары кетип, сотту элден, журналисттерден, жарандык коомдон жашырып, жабык өткөрүп атышат. 

-- Соттолуп кетүүдөн коркпойсузбу?

-- Бийлик, сот, укук коргоо органдары мени мыйзамсыз жана адилетсиз камашты. Анын терең себеби бар. Мен өмүр бою президенттердин керексиздиги, УКМК, ИИМ, прокуратура жана соттор коррупциялашкандыгын, бийликке гана кызмат кыларын, булардын баарын радикалдуу реформалоо керектигин айтып, күрөшүп, талап кылып келем. Булар баары биригип алып, мени жеңишти, түрмөгө тыгышты. Айла жок, тагдырга баш ийем, башыма салганды көрөм. Бирок, адилеттүүлүккө, өлкөдөгү жана дүйнөдөгү процесстерге, тагдырга жана илимге ишенем. Бул нерселер бийликтин, күнкарама соттордун планын бузат. Көп нерселер бийлик ойлогондой болбойт. Өлкөгө чоң өзгөрүүлөр келатат. Президенттер – Аскар Акаев Феликс Куловду, Курманбек Бакиев Исмаил Исковду, Алмазбек Атамбаев Өмүрбек Текебаевди ж.б. көптөгөн оппоненттерин камашкан. Аягы эмне болуп бүткөнүн баарыбыз жакшы билебиз. Менимче, бийликтин бүгүнкү жеңиши жеңиш эмес, менин дагы учурдагы кыйынчылыктарым түбөлүктүү жана утулуш эмес. 

-- Түрмөдө отуруп саясый-экономикалык абалды кандай баалап атасыз? Кайда баратабыз?

-- Менимче, өлкөгө кандайдыр бир деңгээлде Бакиевдин саясаты кайтып келди. Бакиев жок, бирок анын саясаты жана кадрлары бийликти алышты. Бакиевдин саясаты официалдуу бийлик аркылуу акталды, легитимдештирилди. Бул актоолор, легитимдештирүү өлкөнү жакынкы убактарда конфликтке алып келиши мүмкүн. Буга кошумча, чек ара конфликттери, Казакстан аркылуу транзит кыйынчылыктары, жумушсуздук, бюджеттин абалы, адилетсиздик, саясый куугунтуктар жана билимсиз кадр саясаты дагы абалды курчутат. Менимче, бийлик командасы менен өлкөнү саясый, социалдык-экономикалык жана интеллектуалдык деградацияга алып келди. “Кайда баратабыз?” деген сурооңузга “туңгуюкка” деп жооп берер элем. 

-- Кээ бир саясатчылар биригип, оппозициялык жээкке өтөрүн жарыялашты. Алар “Ата Мекен” партиясы аркылуу шайлоого барарын билдиришти. Сиз дагы бир топ жылдар бою бул партияга мүчө болдуңуз эле, муну кандай кабыл алдыңыз?

-- Азыр оппозициялык талаа бош. Ал эми бийликтин абалы, саясый-экономикалык абал оор. Мен жогоруда айткандай эле көп нерселер бийликтин оюндагыдай болбойт. Бул абалды тажрыйбалуу саясатчылар Өмүрбек Текебаев менен Темир Сариев жакшы билишет. Рыскелди, Жанар, Азамат жаш, перспективдүү, өз көз караштары бар саясатчылар. Булар тажрыйба менен потенциалдын прагматикалык, реалдуу абалды эске алып биригишти. “Ата Мекен” тарыхта оппозициялык миссияны дайыма башка партиялардан мыкты аткарып келген. Бийликке каршылык көрсөтүү, күрөшүү тажрыйбасы мол. 2007-жылы парламенттик шайлоодо мен, Өмүрбек Текебаев, Кубатбек Байболов, Темир Сариев, Болот Шер, Өмүрбек Абдрахманов, Алмамбет Шыкмаматов болуп, “Ата Мекен” партиясына биригип, факт жүзүндө Бакиевдерди утуп алганбыз. Тилекке каршы, бизге ал убактагы ырайымсыз система мандат бербей коюшкан. Рыскелди Момбеков айткандай, ташыркаган “Ата Мекен” партиясы өзүнүн бийликке каршылык көрсөтө алган, күрөшчүл жана оппозициялык күчтүү сапаттары аркылуу кайрадан жаралуу мүмкүнчүлүгүн алды. 

Бүгүнкү раелдуу кырдаалда кимдер кандай жамандабасын, “Ата Мекен” партиясындай жана анын тегерегине чогулуп аткан саясатчылардан өткөн күчтүү жана прогрессивдүү биригүүнү мен көрө алган жокмун. Дагы бир топ мүмкүнчүлүк Өмүрбек Бабановдо бар. Ал дагы прогрессивдүү адамдарды чогулта алат. Эгер бийлик эле аны биротоло коркутуп койбосо...


"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер