Азенбек Козукеевдин баркы кетип, буйругу “кол жоолукка” айландыбы?


Күнүгө, жума сайын өлкөбүздө автоунаалардын кагылышы, же жөө жүргүнчүлөрдү уруп кетүү кырсыктары арбын кайталанууда. Бул боюнча мамлекеттик деңгээлдеги чаралар көрүлбөй калдыбы? Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын башчысы Азенбек Козукеевдин ишмердиги кескин түрдө сындалууда. Жогорку жетекчилик деле бул кадрдан түңүлүп, жакында тагдырын ташка жаябы?
Айтмакчы, Азенбек Козукеев буга чейин бир топ кызматкерлерди жумуштан кетирүү чечимин чыгарып, бирок кайра баарын артка кайтарып алганбы? Ошондо баркы кетип, буйругу “кол жоолукка” айландыбы? Өздүк курамдагылар начальниги менен сүйлөшүүдө телефонго тартуу амалдарына өтүшкөнү эмнеси? Этикадан сырт кетсе, сөгүп-сакса компроматты бетке кармашабы? Сыягы, ыңгайсыз суроолор арбыды.
Негизи бул кызматка полковник Азамат Токтоналиевдей принципиалдуу, ишбилги кадрды тапмайынча абал оңолбойт го...










