Ош ШИИБ начальниги катары Дамирбек Исаков татыксызбы?

Ушундай. Ош ШИИБ начальниги Дамирбек Исаковго карата өздүк курамдагы нааразычылыктар, ички абалдын бузулуп баратышы эмнени билдирет? Азырынча көп нерсе коомчулукка ачыкталбай жатса, “Ооруну жашырса өлүм ашкерелейт” деген накыл кепти эстей туралы.
Жакында эле Ош ШИИБнин эки кызматкери коррупцияга айыпталып, кармалганы эсибизде. Коомчулукта резонанс жаралган. Жетекчилик тарабынан таза иштөөгө кам көрүлбөгөнү, кайдыгерлиги ушуну менен тастыкталып атабы? Бул боюнча Дамирбек Исаковдун жоопкерчилиги каралышы керек эле.
Эске салсак, Дамирбек Исаков Чүй ОИИБни башкарып турганда, алты кызматкери камакка алынып, дээрлик милицияга доо кетиргендей сөз калтырган. Ошондо эле бул эргул кызматынан айдалып кетмек, тилекке каршы, абаларга таянуу менен сакталып калганын кайда жашырабыз? Учурда Ош шаарынын башкы милициясы катары да иштей албай, сын-пикир жаратып, кол астындагылары улам камакка алынууда.
Дагы бир олуттуу жагдайды алсак, өткөн жылдын соңунда салык кызматынын төрагасы жана бир топ жетекчилери коррупцияга айыпталуу менен кармалышкан. Алардын арасында Дамирбек Исаковдун иниси, Октябрь райондук салык башкармалыгынын начальниги Нурбек Абакиров да камалган эле. Мындай шартта Ош ШИИБ башчысы кызматында кантип кармалып калды? Негизи күч органында иштеген жетекчинин бир тууганы коррупция боюнча камалып атса, элестетип көргүлөчү? Башкаларга үлгү көрөсөтө албайт го? Кыскасы, Дамирбек Исаковдун жакынкы гана аралыктардагы бетине чиркөө болгон мисалдарга токтолдук.
Баргы Кусейинов