Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Министр Догдуркүл Кендирбаеванын кемчилиги...

Министр Догдуркүл Кендирбаеванын кемчилиги...

01-июнь, 20:43
378 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Китеп – билим булагы. Мектепте билим берүүнү китепсиз элестетүүгө мүмкүн эмес. Көз жоосун алган түстүү сүрөттөрү менен кооздолгон “Алиппе”, “Математика”, “Эне тил” китептери бир кезде жаңы боёктору, эстетикалык ажары менен окуучуну өзүнө тартып, көздүн жоосун алып, барактоого куштар кылып, билим алууга кызыгуусун арттырып турар эле. Азыр андай сапаттуу китептер сейрек болуп калды. Акыркы 20 жылда окуу китептерин чыгаруу системасы бузулду, себеби, коррупциялашты. Сапатсыз, ката китептерди Вьетнам, Индиядан бастырып келишип, акча жеп, чөнтөктөрүн толтуруш үчүн эмнелерди гана кылышкан жок жемкорлор! Кара курсагынан башканы ойлобогон коррупционерлерге балдардын, өлкөнүн келечеги сокур тыйынга да турбайт экен да. Ошол чет мамлекеттен китеп бастыруу боюнча чечим кабыл алып, келишимдерге кол койгон министрлердин кылмыштуу иштери азыр текшерилип, чара көрүлүшү зарыл... 

Окуу китептеринин мазмуну, жасалгасы начар болгону аз келгенсип, ичинде орфографиялык, пунктуациялык каталар жайнайт. Сабатсыз түзүлгөн сүйлөмдөрдү сөөмөйү менен көрсөтүп, нааразы болгон ата-энелер андан көп. Канча билим берүү министрлери алмашты, бири дагы “окуу китептеринин сапатын жакшыртам” дегенин уга элекпиз. “Башталат баары майдадан, байкабайт аны майда адам” деп Райкан Шүкүрбеков айткандай, ооз көптүрүп, “он эки жылга өтөбүз” деп, анан дагы 2040-жылга чейин өнүгүү программаларын түзгөн майда, “айдаганы беш эчки, ышкырыгы таш жарат” дегендей, далай жел өпкө министрлер болду. Ал эми билим берүүнүн эң негизги куралы болгон окуу китебин жакшыртуу боюнча конкреттүү чараларды көргөн министрди азырынча көрө элекпиз. 

Азыркы учурда Кыргызстандын мектеп окуучулары моралдык жагынан эскирген, эски, жамалган, бүктөлгөн, ката китептер менен окуп жаткан кези. Айрым маалыматтарга караганда, ошол эски-уску китептер да жетишсиз болуп, мектептерге 8 миллиондон ашык китеп жетпейт экен. Бул Кыргызстандын мектептери окуу китептери менен болгону 50 пайызга гана камсыз болгон дегенди билдирет. Ал эми министр Д.Кендирбаева 12 жылдык билим берүү менен алек болуп, окуу китептерин ойлогон да жок окшойт. Министр Догдуркүл Кендирбаева билим берүүнүн сапатын көтөрүү үчүн адегенде мектептерди сапаттуу окуу китептери менен камсыз кылуу көйгөйүн чечпесе, иши кедерине кетип, жылуу орундан айрылары турган иш... 


"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер