Сокенин пиарщиги Жеңиш Молдокматовдун чагымчылыгына баа берилбейби?
Күрөңов деген бир чала сабат эргулду түрмөгө тыктырууга шыкакчы болгон Жеңиш Молдокматов учурда аз чөйрөгө акыл үйрөтүп, өзүн оппозиционер сезип алыптыр. Өткөн парламенттик шайлоодо бул эргул “Замандаш” партиясы аркылуу бийликтин буюртмасы менен делбектеген. Натыйжада, эл колдобой коюп, партиялаштарын да уят кылган эле. Башта Сооронбай Жээнбековду айга-күнгө теңеп мактап жүргөнүн интернеттеги видеолорунан көрсөк жаңылбайбыз. Кызыгы, Жеңиш Молдокматов өзүн лидер санап, бийликке оппозиция болууга белсениптир. Моралдык укугу барбы? Кечээги жарга кептелген бийликтин жактоочусу, активисти катары элди тескери нукка бурбады беле? Эми кайсы шайтан айдап, коомчулукту тескери жолго азгырууда? Мындай шылуундарды мыйзамдын алкагында көзөмөлдөп, баа берүүгө мезгил келди го?..
"Азия Ньюс" гезити