Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Медер Бишкек: “Кытайдан чыккан корона сымал вирустун түрү бүт дүйнө элин коркунучка кабылтып, үрөйүн учуруп жатат”

Медер Бишкек: “Кытайдан чыккан корона сымал вирустун түрү бүт дүйнө элин коркунучка кабылтып, үрөйүн учуруп жатат”

22-февраль, 22:35
1 862 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Тай цзи өнөрү менен дарттууларга даба таап, адамдарды сергек жашоого үндөгөн, кадимки жай турмушубузга жаңылык киргизген, рух азык тартуулаган, көптөгөн китептердин автору, кайсы тема болбосун көрөңгөлүү кептери менен жооп узаткан тай цзи чебери Медер БИШКЕК менен маек курдук.

-- Чыгыш медицинасынын адиси катары коронавируска, аны динге байланыштыргандарына кандай көз караштасыз?

-- Кытайдан чыккан корона сымал вирустун түрү дүйнө элдерин коркунучка кабылтып, үрөйүн учуруп жатат. Бул коронавирустун аркасында жөн гана жугуштуу оору жатпастан, чоң саясат да болушу ыктымал. Анткени, башында чуу жаратканы менен бүгүнкү күндө кытай элинде тынч эле жашоо жүрүп жатканы да таңкалтырууда. Былтыркы жылы улуттук идеологияга тийешелүү  “Кыргыз үйгө киргенде дароо колун жууйт аттуу китебимдеги гигиеналык эрежелер дал ошол Кытайдагы коронавируска каршы жаралгандай. Дүйнөлүк масштабдагы дарыгерлер да бул вирустан сактануудагы эрежелеринде биринчи эле кезекте колду самындап жууп туруу же дезинфекциялык каражаттарды колдонуу керектигин сунуштап чыгышты.

Улуттук идеология  улуттук аң-сезимдин интеллектуалдык сапатынын пайдубалы десек да туура болор. Ар бир улуттун өзгөчөлүктөрү – бул алардын салт-санаасынан сырткары үрп-адаттары эмеспи. Кыргыздар сырттан киргенде, унааларына май куйганда, коомдук транспорттогу кармагычтарды кармагандан кийин ар дайым колдорун жууп же антибактериалдык бетаарчыларды колдонуп таза жүрүшсө, жүздөгөн оорулардан алыс болушар эле дейм. 

-- Демек, сиз өзүңүз жазган "Кыргыз үйгө киргенде дароо колун жууйт" деп аталган китебиңиз кыргыз элинин аң-сезимине таасир берип, улуттук идеологиясына айланышын максат кылган экенсиз. Бирок, бул программаңызды кээ бир адамдар кабыл алышпасачы? 

-- Менимче, зыяндуу адаттарга караганда, мисалы, спирт ичимдиктерине берилүү, тамеки тартуу, насвай чегүү, көчөлөрдө түкүрүнүү, уйкучулук, жалкоолук, кечигип бирөөнүн убактысын алуу, кекирейгендик, уурулук, билимсиздик жана ыймансыздык сыяктуу терс сапаттарга караганда, дайыма колдорун таза кармап, тырмактарын алып, жеке гигиенаны сактап жүрсө, өзүнө да, үй-бүлөсүнө да, мамлекетине да эбегейсиз зор пайда келтирер эле. Ал эми бул улутубуздун башка элдерден айырмалаган мыкты сапаттарыбыздын бири болмок. Мисалы, Францияда бир семинарга кыргыздар катышып, кийин банкетке барышыптыр. Биздин улуттук идеологиябыздан кабардар бир чет элдик киши “карап тургула, бул улут, тигил улуттагылар колдорун жуубай эле столго отурушту, эми кыргыздарды байкайлы. Мына көрдүңүздөрбү, ар бир кыргыз столго отурарын алдында колдорун жууп келишти. Кыргыздар өтө таза эл болот экен, мына ушул эл мага жагат” дегени кандай жагымдуу угулат.

-- Батыш психологиясынын бала тарбиялоо маселесине, биздин бала тарбиялоодогу деңгээлибизге, Батыш менен айырмасына көз карашыңыз?

-- Чыгыш психологдору, философтору “Батыш психологиясы жаш балалык курагынан али чыга элек” деп айтып келишет. Албетте, Европа психологиясында практика жүзүндө мыкты изилдөөлөр болуп келүүдө. Батыш үчүн эң эле кыйыны – аң-сезимдеги чачыранды ойлорду токтотуп, иреттөө. Бир суткада адам баласынын башына 40 миңдеген ойлор келип кетет экен. Чыгыш даанышмандары мындай чачыранды ойлорду медитация практикалары аркылуу, бөлмөдөгү жагымсыз жыттарды терезени ачып, таза аба менен желдеткендей жөпжөнөкөй эле тазалап салышканы Европа психологдорун, философторун, педагогдорун таңкалтырып келет. Баланы тарбиялоодо да Батыш психологиясы акыркы жүз жылдыкта уттуруп атат.

Дао философиясында “жааны ашыкча тартпа” деген түшүнүк бар. Жааны ашыкча тартсаң кылы үзүлүп кетет. Бош тартсаң жаанын жебеси учпайт. Көпчүлүк Чыгыш же Араб өлкөлөрүндө баланын эмоцияларын басынтып, жер карама кылып коюшат. Бала ата-энесине гана эмес, мугалимине да, коомдук жайларда да, армияда да, жумушунда да өз ой пикирин билдирүүдөн тартынып, уялчаак, чечкинсиз, эрки бош болуп калышы мүмкүн. Азия элдери баланы басынтып келишсе, Батышта баланы ашыкча эркин коюп, каалаганын кылдыртып, бейбаштыкка түртүп салышкан. Бала тарбиялоодо дал ошол "алтын ортону" кармасакоом гармонияга келет эле.

-- Азыр мотиваторлор, мотивациялык видеотасмалар көбөйдү. Мунун адамдын жашоосуна таасири кандай болууда

-- Чыгышта “ким кеңешке муктаж болсо, ошол адам бирөөгө кеңеш берет” деген түшүнүк бар. Бирок, мотиваторлор өздөрү кандай адам – ошого да караш керек. Көбүнчө алар финансы маселесине байланыштуу лекцияларды окушуп, элди үгүттөшөт. Көпчүлүк мотиваторлор семинарларды өтүшүп (мисалы, бизнес тууралуу), “кантип кыска мөөнөттө байыса болот?”, “кандайча бир жылда миллионер боло аласың?”, “кантип үч айда бизнесиңдеги кирешеңди 50%га көтөрө аласың?” дегендей темаларда элди ынандырып, лекцияларын окуп келишет. Бирок, өздөрү миллионер эмес, алтургай бизнеси да жок. Болгону тренингдерге катышып, лектор болуп алышып, элге чыгып мотивациялык чакырыктарын уюштуруп турушат. Менин бир үлкөн бизнесмен тааныш агам айтты эле “коучтар эч качан бизнес уюштура алышпайт жана миллионер болушпайт деп. Мындан бир топ жыл мурда Москвада окуучуларым менен жүрсөм, бир кыргыз эмигрант жигит башка улуттун коуч-тренери тууралуу жакшы пикирин айтып мактап жүрдү. Акыры мен “сен айткан тренер жөнүндө маалыматым бар, анын өзүнүн бизнеси жок дешет го? Эки жылдан бери бизнес тууралуу тренингдерине катышып жүрсөң, сен билесиңби кандай бизнестери бар анын?” деп сурасам, “билбейт экем” дейт. Ал кишинин өзүнүн мекенинде аны эч ким укпайт да, ага ишенишпейт да экен. А кыргыздар Кыргызстанда да, Россияда да миңдеген тренингдерине катышып турушат. Бир окуучум айтты эле, илгери ошол киши кыргыздардан чоң суммадагы акча алып, качып кеткен деп. Эми ошол киши китеп жазып, бизнес тренингдерди өтүп жүрөт экен. Мындай мотиваторлордон алыс болуп, сак жүргөн оң. Колдон келсе, маңдай тер менен бизнес уюштуруп миллионер болгон менторлорду уккан пайдалуурак. Мотиваторго барарда, катышуучу өзүнө суроо бериш керек коуч деги кандай адам? Сөзү менен иши туура келеби? Өзү миллионер боло алганбы? Кандай бизнестери бар? Алдап кетпейби, адамдык сапаты кандай? деп. Эгер коуч өзү бизнес уюштура элек болуп, же жаңы баштап, бирок элди да бизнеске үйрөтөм десе, анда ал адамдан сак жүргөн туура болор. Мен психологиядан Джо Диспензаны, Дэниел Амен, а бизнесте Джек Ма, Брайан Трейси, Джо Виталэ, Уоррен Баффет, Энтони Роббинс, Марк Цукерберг, Ицхак Пинтосевич аттуу мотиваторлорду сунуштайт элем. Анткени, алар өздөрү ийгиликтерге жетишип, ошол практикалары менен бөлүшүп, мыкты идеяларын, кеңештерин айтып келишет.

-- Тай цзи өнөрүнүн омуртка грыжасына пайдасы зор деп Чыгыш дарыгерлери сунуштап келишет. Буга сиздин пикириңиз?

-- Чыгыш элдеринде, өзгөчө Кытайдын тай цзи, цигун чеберлери илгертеден омуртка ооруларын өтө натыйжалуу дарылап келишкен. Биздин устатыбыз Макен Исаковдун атайын омуртка ооруларына каршы цигун көнүгүүлөрү бар. Кытайлык дарыгер, цигун, тай цзи чеберлери Линь Хоушэн, Вон Кью Кит, Чжи Ган Ша, Лао Мин,  И Шен ж.б. баары эле тай цзи менен цигундун омуртка ооруларына пайдалуу экенин өз китептеринде жазып келишкен. Жеке менин өзүмдүн практикамда деле миндеген адамдар омуртка грыжаларынан, болгондо да өтө оор түрүндөгү ооруларынан айыгышып, ден соолуктарын бекемдеп чыгышкан. Тай цзинин көнүгүүлөрү абдан жумшак, назик, жай аткарылганы менен ооруларды дарылоодо, алдын алууда абдан эффективдүү метод болуп эсептелет. Жүрөк оорулары, остеохондроз, бронхит, гайморит, полиартрит, омуртка грыжасы, сколиоз, кифоз, баш ооруларына мыкты профилактика. Стресстен чыгарууда жана депрессияга кабылган адамдарга да өтө пайдалуу.

-- Китеп окубаган адамга көз карашыңыз? 

-- Китеп окубай, бирок турмуштук тажрыйбасы бийик адамдар да бар. Индиянын философу Шри Ауробиндонун “бир грамм практика – тонналаган теориядан артык деген сөзү бар. Миңдеген китептерди окуп, бирок турмушта алсыз, пассивдүү болгон адамдар аз эмес. Бирок, эгерде адам билимдүү, көп китеп окуган жана ошол окуган китептеринен алган маалыматтарды жеке турмушунда колдоно алсаанда ал адамды мыкты сапаттагы инсандарга кошсок жаңылышпайбыз. Чынында эле китеп окуган адамдар менен сүйлөшсөң жакшы эмеспи. Көркөм чыгармалар, поэзия, сүрөт, музыка, скульптура, суфизм, архитектура, тарых, медицина, спорт, илимий ачылыштар, саясат, руханий окуулар, инновациялык темалар тууралуу сүйлөшкөн кандай керемет!


Жамиля Нурманбетова 

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер