“Ыйман Нуру” светтик өлкөбүздү уруп ойнобой, съездинде даават айтышты


Парламенттик шайлоого аттанган партиялардын ичинен ашынган исламчы “Ыйман Нуру” көзгө өөн учурай баштады. Съездинде даават айтып атышканын кандайча түшүнсө болот? Конституцияда дин саясаттан тышкары экени жазылып турбайбы! Биз светтик мамлекет катары эл аралык коомчулукта таанылганбыз. Анан эми бир ууч ашынган динчилдер келип алышып, мамлекеттин пайдубалына шек жаратышабы? Ооба, биз мусулманбыз, ислам динин ардактайбыз. Бирок, бул жагы саясатка аралашпаш керек, туурабы? “Ислам Нуру” партиясына “Ихлас” курулуш компаниясы кожоюндук кылары, ошолор башкарышары баарына маалым. Ал эми мурдагы артист Нуржигит Кадырбековду “куурчак” сыңарындай шайлап коюшкан. Буларды Арабия көзөмөлдөбөйбү? Эмнеси болсо да, сырткы күчтөрдүн куралы болбой, сакалды алып, дамбал-паранжаны чечип, улуттук кызыкчылыкты, мамлекеттүүлүктү биринчи планга коюш керек. А болбосо балдарыбыздын келечегине балта чаап жүрүшпөсүн...
"Азия Ньюс" гезити











