Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » «Биримдик»: “Аравандагы окуяга күнѳѳлүүлѳр мыйзам чегинде жазалансын!”

«Биримдик»: “Аравандагы окуяга күнѳѳлүүлѳр мыйзам чегинде жазалансын!”

21-сентябрь, 12:26
470 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Бул тууралуу «Биримдик» демократиялык социализм – евразиялык тандоо» партиясынын маалымат катчысы Адилет Султаналиев билдирди. Партиянын расмий ѳкүлү тараткан билдирүүдѳ: «Коомдо тынчтык менен ынтымактан кымбат эч нерсе жок, чагымчылдык жасаган күнѳѳлүүлѳр мыйзам чегинде жазаланышы керек» деп айтылат. 

Окуяга себепчи болгондорду айыптаган «Биримдик» партиясы чагымчылдарды тез арада аныктоо зарылдыгын белгилеген. «Ош облусунун Араван районундагы саясый партияларлын биринин ѳкүлдѳрүнүн үгүт жолугушуусунда тургундардын ортосунда мушташ чыккан. Бул окуяга байланыштуу укук оргоо органдары тез арада иликтѳѳ жүргүзүп, чагымчылдарды аныктайт деп үмүттѳнѳбүз». Андан ары билдирүүдѳ: “Биримдик” саясый партиясы мыйзамдуулуктун жана тартиптин шарттарында өтүшү керек болгон таза жана акыйкат шайлоону жактайт. Республикада үгүт иш-чаралары баардык катышуучулардын коопсуздук талаптарын так сактоо менен уюштурулуп, партиялардын өкүлдөрү тарабынан эч кандай чагымчыл деструктивдүү билдирүүлөргө жол берилбеши керек. Бул өтө маанилүү. Провокацияга күнөөлүүлөр мыйзам чегинде тиешелүү жазаларын алышы керек», - деп айтылган.

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер