Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Кош бойлуулук – күч менен сүйүүнүн биригиши

Кош бойлуулук – күч менен сүйүүнүн биригиши

14-май, 22:08
607 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Бул мезгил аялдын организми үчүн чоң белек жана жоопкерчилик. Мен врач катары бир нерсени дайыма көрүп турам, кош бойлуулукка кам көргөн аялдардын жүзү башкача жаркырайт. Алардын энергиясы башкача агат. Алар балдарын сүйүү менен эмес, күч менен да багышат. Албетте, төрөттү жана кош бойлуулукту түздөн-түз гинекологдор карайт. Мен болсо ден соолукту чыңдоого, дефициттердин алдын алууга чакырам. Анткени, ден соолук даяр болсо, кош бойлуулук да жеңилирээк өтөт. Бала да керектүү азыктарды толук алат, эне да бул жолду кубаныч менен басат.

Эки жол бар:

1. Кам көргөн аял:

-- чарчабай эртең менен ойгонот;

-- жүрөгү, ичи тынч;

-- баланын ар бир кыймылын ырахат менен сезет.

2. Кам көрбөгөн аял:

-- ар күнү чарчоо, баш айлануу;

-- эмоциялык туруксуздук;

-- денени күч эмес, чарчоо гана коштоп турат.

Кош бойлуулук – бул сынак эмес. Бул жаңы жашоого болгон белек. Ошондуктан ферритинди, витамин Dны, B12ни текшериңиз. Белок деңгээлиңизди караңыз.  Калкан безиңиздин ишин текшериңиз. Ден соолугуңуз – балаңыздын биринчи үйү. Өзүңүзгө кам көрүңүз. Бул кам көрүү сизге күч болуп кайтып келет, анан сиз балаңызга эң мыкты дүйнөнү тартуулайсыз.  


Эрмек Исмаилов
  "Азия Ньюс" гезити
Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер