Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Мени кайнагама алып бергени жатышат. Кандай кылам?

Мени кайнагама алып бергени жатышат. Кандай кылам?

26-май, 20:01
891 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Күйөөмдөн айрылып, жаштайымдан эле жесир калдым. Мени кайнагама алып бергени жатышат. Кыжалатмын. Кайын журтума айткам, “балдарды алып калгыла. Мен күйөөгө чыкпайм, иштейм. Ишим жүрүшкөндө балдарымды өзүм багам” деп. Жетип-жетпеген, муздак, супсак турмуш тажатты. 28 жашымда эки баламды таштап, калааны көздөй жол тарттым. Өз бактым, тагдырым үчүн күрөшүүгө акым бар да. Айылда эле күндөгү жумуштарды кылып коюп жүрө берген экенмин. Балдарым менен күндө сүйлөшүп турам. Буюрса биринчи айлыгымды алып эле үйгө, балдарыма салууну ойлоп атам. Анан жайында балдарымды, кайненемди шаарга алдырып, көлгө алпарып келсем, бир тилегим аткарылат эле. Жакшы адамдар көп экенине ишендим. Иш табылып, билимимди жогорулатканга да өздөрү акча төлөп беришти. Азырынча турмушка чыга турган оюм жок. 


Нурзат 
"Азия Ньюс" гезити
Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер