Өмүрбек Суваналиев: “Байлыкты бөлүшсө болот, бирок бийликти бөлүшүүгө мүмкүн эмес”


Генерал Өмүрбек Суваналиевдин мындайча айтканы бар: “Акчаны, байлыкты бөлүшсө болот, бирок бийликти бөлүшүүгө мүмкүн эмес” деп. Анын сыңарындай, учурда президенттик шайлоонун айланасында талкуулар жанданды. Эки достун саясый келечегин ар кандай божомолдогондор бар. Буга чейин парламенттен Кундузбек Сулайманов менен Нурланбек Шакиевдин аткаруу бийлигине сын айтышканы, Садыр Жапаровго карата “каш кайтарышканы” саясый чоң интригага кадам таштап койгон эле. Андан кийин 75 коомдук жана маданий ишмерлердин мөөнөтсүз шайлоонун өтүшүн сунуш кылып чыгышканы, анан калса, саясатчы Бекболот Талгарбековдун маеги чыгып, анын мазмунунда президенттик шайлоо июнь-июль айларында өтсө туура болорун белгилеген. Бул көрүнүштү коомчулук кызуу талкуулап жатып калды. Ошондо Өмүрбек Суваналиевдин “бийликти бөлүшүүгө мүмкүн эмес” деген кеби чын чыктыбы? Натыйжада, Камчыбек Ташиев УКМК төрагасы кызматынан бошотулду. Али кызык оюндар алдыда...











