Акыркы кабарлар
» Коом » Бишкекте төрөлгөн балдарга Жапаров менен Ташиевдин ысымы берилди
Бишкекте төрөлгөн балдарга Жапаров менен Ташиевдин ысымы берилди
29-ноябрь, 18:37

Бишкекте төрөлгөн үч эмдин бирине президент Садыр Жапаровдун, экинчисине УКМК башчысы Камчыбек Ташиевдин аты берилип, үчүнчүсүнө Ынтымак ысымдары коюлду.Бул тууралуу Эне жана баланы коргоо борборунан кабарлашты.
Маалыматка караганда, 1981-жылы туулган Ысык-Көл облусунун тургуну 25-ноябрда Бишкектеги ооруканада кесарево жолу менен төрөгөн. Учурда ымыркайлар менен эненин абалы жакшы. Ымыркайлардын салмагы 2,35, 2,45 жана 2,3 килограммды түзөт.
Жубайлардын үч эмден тышкары, эки кыз, эки уулу бар.











