Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Кыргызстанда эртең менен кечинде электр энергиясын колдонууга чектөө киргизилет

Кыргызстанда эртең менен кечинде электр энергиясын колдонууга чектөө киргизилет

30-ноябрь, 20:22
1 152 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Кыргызстанда эртең менен кечинде электр энергиясын берүүгө чектөө киргизилет. Бул туурасында энергетика министринин орун басары Сабырбек Султанбеков парламентте билдирди.

Анын айтымында, эртең мененки саат 6:00дөн 9:00гө чейин, кечкисин 18:00дөн 21:00гө чейин электр энергиясы эң көп өлчөмдө колдонулат. Ошол убакта электр энергиясы чектелип, кубаттуулугу беш киловатт-сааттан ашса өчүрүлөт. Аталган убакыт эл жумушка бараткан жана келген учурга туш келет.

Депутат Элвира Сурабалдиева мындай өчүрүүлөр Бишкектин Кызыл-Аскер, батыш автобекети жакта башталып, тургундар "тамак жасай албай, кир жууй албай жатабыз" деп кайрылып жатканын айтты.
Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер