Абактын арманы


(Даректүү баян)
Кыргыз эл оозеки чыгармачылыгынын бир катмарын комуз күүлөрү жана алардын бай тарыхы түзөт. Кыргыздын комуз өнөрүнүн тарыхында аты элге белгилүү болуп, чыгармалары эл оозунда, күү ышкыбоздорунун репертуарында жашап келгендери соңку XIX-XX кылымдарга гана таандык, ошолордун өмүр баяны, чыгармачылыгы алардын айрым замандаштары, шакирттери тарабынан айтылып, бизге жетти. Алардын катарында бүгүнкү күндө Токтогул, Ниязалы, Мураталы, Айдаралы, Майлыбай сыяктуу залкар комузчулардын аты-жөнү арбын аталууда. Ал эми айтылуу Көл өрөөнүнөн чыккан белгилүү комузчулар: Байгазы, Байбуура, Боккөтөн, Кыдыр, Кошкулак, Өмүрзак, Капал, Байгабыл, Ногойбай, Ындыбай, Моңолдор, Жолбун, Кайду, Атай, Кудаярбек, Чыңгышбай сыяктуу алптардын катарында Абак Түркөбай уулунун да аты аталууга толук негиз бар.
Абак Түркөбай уулунун түпкү теги Көлдөгү бугу уруусунун ичинде Бирназар бийге таандык болуп, кадимки Жылкыайдар уулу Тилекматтын урпагы катары эсептелет. Тилекматтын беш аялы болуп, улуу аялы Кенжекеден сегиз уул, эки кыз төрөлөт. Уулдары: Серкебай, Чымырбай, Чыныбай, Түркөбай, Дыйканбай, Таңкызкожо, Ачакей, Алышбай. Түркөбайдан алты бала төрөлөт. Алар: Дөөлөтбак, Ниетбак, Самак, Абак, Төлөбай, Албанбай. Түркөбайдын балдарынын ичинде жөнбилгиси, ыр-күүгө шыктуусу Абак эле. Абак Түркөбай уулу 1851-жылы азыркы Жети-Өгүз районуна караштуу Шалбаа аймагында жарык дүйнөгө келет. Абактын шык-жөндөмү бала кезинде чоордон башталса, өспүрүм курактан өткөн соң кыл кыякка ооп, кийин 30-35 жашка келген чагында комузга ышкы түшүп, ошондон өмүрүнүн акырына чейин комуз менен сырдаш-муңдаш таризинде жашап өтөт. Абак Түркөбай уулу учурунда орто деңгээлдеги айыл манабынын катары сөзгө чечендиги жана ыр-күүгө жакындыгы, болгондо да жүздөн ашык элдик күүлөрдү комуз кылында так кайрып, өзү да учурунда онго жакын күү жаратып, ал күүлөрү эл арасында чоң сүймөнчүлүк менен чертилип келгени анын кадыр-баркын көтөрүп, атын башка аймактарга чыгаан комузчу катары тааныткан. Абактын эки аялы болуп, улуу аялы Чолпондон Алыбек, Бектурган, ал эми кичүү аялы Кусубалдыдан Бекмырза деген балдарынан тараган урпактары азыр да Ысык-Көлдүн Шалбаа чөлкөмүндө күн кечиришүүдө. Абак өзү ар өнөргө шыктуу чыгып, комуз да чаап, кылын аялы Чолпон даярдап берип турган. Илгерки комузчулардан ХIX кылымга чейинкилери жөнүндө жеткиликтүү маалымат сакталбагандыктан жогоруда аттары саналып өткөн жоон топ күү алптарынан бүгүн жарытылуу түшүнүк табыш кыйын. Абак учурунда кадимки Карамолдо (Токтомамбет) Ороз уулун тарбиялап, өнөр сересине чыгарган экен. Ошол залкар комузчулардын күүлөрү бизге алардын шакирти болушкан Карамолдо, Чалагыз, Усуп, Ыбырай, Асылбек, Шекербек, Атай, Бектур, Асанаалы, Асанбек, Болуш баш болгон комузчулар аркылуу чертилип келди. Абак Түркөбай уулу 1916-жылы 65-75 (болжолдуу) жаш курагында суу келте ооруусунан каза тапкан. Анын “Кашка аргымак”, “Серкебайдын арманы”, “Моюнчам”, “Жөө калды”, “Абактын арманы” ж.б. күүлөрү бизге келип жетти. Бул күүлөр баянын фольклорист Буудайбек Сабыр уулу, күү изилдөөчү Асан Кайбылда уулу эл оозунан, айрым комузчулардан тактап, жыйнашкан. Өзгөчө Жети-Өгүз районундагы Төрт-Күл айылынан Жылчый Курманкожо кызы, Кочкордон Касымбала Кыштообай кызы, белгилүү комузчу Асанбек Кыдырназар уулу берген маалыматтар чоң мааниге ээ. Эмки сөз залкар комузчу Абак Түркөбай уулунун айтылуу “Абактын арманы” аттуу күүсүнүн ички маани-маңызы жөнүндө болсун.
Өткөн тарых көз алдыга тартылат
Өзөктү өрттөп, жүрөк муңга жанчылат.
Карыянын капкак жарган күүсүнөн,
Качанкы бир кайгы элеси барчылап.
Ал заманда көчмөн турмуш мыйзамы
Аксакалсыз иш чечилбейт бир дагы.
Оомал-төкмөл бул опасыз жашоодо,
Болгон ишти баяндайын мындагы.
Илгерки ал өткөн заман учурда
Бир туугандар жайлоо жайлап ушунда.
Бир атанын балдары экен баарысы
Жапырт турган барга-жокко, кысымга.
Кымыз ичип, ар кыл сөздөр айтылып
(Боло келген кээде ушундай тарткылык).
Талаш күчөп, чатак чыгып ортодо,
Союл тийип бирөө өлдү жанчылып.
Андай чакта кыргыз такыр жөн жатпайт
“Кун алмай” деп бирин-бири айдактайт.
Күнөөлүүсү кеңеш сурап карыдан,
Убактылуу баш калкалап, жан сактайт.
Айтымында бир туугандар чатагы
Баягы эле малга жайыт азабы.
Эки ортодо агасы өлдү капыстан,
Эми кантти?.. Жөн эле үйдө жатабы?..
Көздөн далдоо, үйдөн кетти ыраактап,
Дагы да ошол тең туугандар сырактап.
Күпүлдөшүп көрүнөө да, көмүскө
Тиш кайрашат жеп салчудай бир ашап.
Убакыт да өтө берди билинбей
“Айыпкер” да көпчүлүктүн бириндей.
Күн кечирип кылган ишке өкүнүп,
Өттү айлар, өлдү агасы тирилбей.
Ай айланып, жылдык, ашы болгондо
Бүт чогулуп жайлоо элге толгондо.
Дубан жарган чоң күлүгүн мингизип,
Жалгыз кызын тартуу кылып “зорлорго”.
Кашка аргымак орун тапты кермеден
Улуу-кичүү келип жатты дембе-дем.
Ошол кезде “айыпкерге” сөз берди,
Отургандар ооз бошобой келмеден.
“Айыпкердин” аты Абак болучу
Айыл эмес алыска дайын комузчу.
Кол куушуруп, мойнуна кур салынып,
Кысылгандан каргыл тартып добушу:
“Айланайын, агайын журт, көпчүлүк,
Айып менде, албадымбы өлтүрүп.
Атым тартуу, алып келдим кызымды,
Жашы он төрттө, алпештегем өстүрүп”.
Колун салып колтугунан түйүнчөк
Алып чыгып аксакалга сунуп, деп:
“Кашка атымдын бир байгеси агамдын
Аш-суусуна жардам болсун, кылдым ниет”.
Кашка аргымак калган эмес байгеден
Колдогу акча ашык-кемсиз миң белем.
Бир оокумда төрдө отурган карыя
Копшолгонсуп, жүзүн сүртүп тердеген:
“Оо, калайык, кулак салгын кебиме,
Айтар сөзүм келтире албайм эбине.
Акча менен аттын жөнү белгилүү,
Түшүнбөдүм бир ишиңе, деги не?..”.
Отургандар оозун ачып нестейди
Тил байланып, сөз жалганбай чекчейди.
Карыянын азыр айткан сөзүнөн,
Өздөрүнчө “өтө катуу кетпейли”.
Деген өңдүү сестеништи, ойлонду
Каталыкты канча калчап, толгонду.
Эч бирөөсү карыянын бул сөзүн
Туура чечип, так жыйынтык болбоду.
Ошол кезде элдин баары жаалашты:
“Карыя эми сиз айтыңыз” деп каалашты.
Нарк сактаган аксакал да обдулуп,
Сөзү менен баш ийдирди жааматты:
“О, кадырман калайык журт, не дейин,
Абак сөзүн андай эмес дебейин.
Баары туура, бирок гана бир нерсе
Келген кыздын билалбадым себебин.
Ал анткени, өлтүргөн да, өлгөн дагы меники
Өз кызымы өзүмө ылайык дедиңби?..
Бул жоругуң кандай болот, о журтум,
Же өзүңөр башка жактан келдиңби?
Андай болсо, аткаргыла кызымды
Аргымагы атпай журтка билинди.
Аттын дагы, кыздын дагы жолун бууп,
Азыркы ишиң айран кылар кылымды”.
Аксакалдын айткан сөзү негизги:
“Ал кемчилик бизде экен” дегизди.
“Алып келген акчаң болсо Абагым,
Агаңыздын аш-суусуна берилди”.
Аргымакты ат ээсине беришти,
Акырында адилдикке келишти.
Жалгыз кызын босогону аттатпай,
“Уят болот, багы ачылсын” деп ийди.
Мындай иштер эл ичинде көп болгон
Кол салышып эл мүлкүнө оң-солдон.
Ошондойду ооздуктап эл наркы,
Ээнбаштык, өзүмчүлгө чек койгон.
Карыянын калыс айткан сөзүнө
Туугандардын тик карабай көзүнө.
Колундагы комузуна жүк салып,
Кайран Абак келген экен өзүнө.
...Колго алганда комузуна тил бүттү,
Кылым күүсү бойду алып, дүргүттү.
“Моюнчам” деп муун-жүүнүн бошотуп,
Отурганды муңга салып күйгүздү.
Чогулган эл сезип иштин жагдайын
Абак айтып ага-иниге ал-жайын:
Кучакташып, көздүн жашы көнөктөп,
Бир туугандар мурункудай кол жайып.
Кайран Абак капкакка тил киргизип,
“Моюнчам” деп өлгөн жанды тиргизип.
Жаш куюлуп сакал ылдый токтобой,
Комузу да тирүү экенин билгизип.
Өрүк комуз өткөндү ичке батырды
Өксүттү го алыс менен жакынды.
Өрт чалгандай өзөктөгү кайрыгы,
Өйдө болбой бүк түштү го бардыгы.
...Азамат эр алдан тайып мертинди,
Азап күндөр артта калган шекилди.
Агайындын акыл-эсин дал кылган,
Абак күүсү арман болуп чертилди...
Бакыт Баймырзаев, Жусуп Баласагын атындагы КУУнун кыргыз адабияты кафедрасынын доценти
"Азия Ньюс" гезити











