Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Райымбек Матраимовго “ойдон токулган” иш. 2 миллиард сыры. Спектакль

Райымбек Матраимовго “ойдон токулган” иш. 2 миллиард сыры. Спектакль

22-апрель, 22:03
1 023 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Аз күн мурда Райымбек Матраимов камактан бошоп чыкты. Көрсө, тек гана кармаган турбайбы? УКМК Матраимовдун чет өлкөлөрдө мүлктөрү жок экенин билдирип, козголгон кылмыш ишин кыскартты. Камчыбек Ташиев коомдук пикирге таянып, журналисттердин чурулдаганына карап эле камакка алганын айтты, кызык. 

Кыргыз элинин ыркын кетирүүгө, ар дайым мамлекеттик деңгээлдеги чыр-чатакты тымызын баштоого АКШ элчиси Дональд Лу кызыкдар беле? Кылдан кыйкым издөө менен билдирүүлөрдү жасап келет. Алмазбек Атамбаевден кийин Райымбек Матраимовду каралаган адам ушул болууда. Элчиликтин, департаменттин мүмкүнчүлүктөрү эбегейсиз экен, булардын алдында грант-миллиондорго иштеген бейөкмөтчүлөр, журналисттер жана активисттердин армиясы буйрук берген жакка жабыла чуркап атышпайбы? Элирмелерди тим койсоң, башыңа чай кайнатчудай. “Жаманды коногу бийлейт” деп кыргыздар бекер айтышпаптыр. Соңку убакта Дональд Лу кыргыз бийлигине кадимкидей акыл айтып, башкаруу ыкмасына өтүп алгандай го? Мындай шартта улутчулдар, мамлекеттин келечегин ойлогондор бир муштумга түйүлүп, тышкы күчтөрдүн таасирин сындырууга киришүү абзел. Бул күрөш оңой эмес, Америка ачык эле “шпиондорун” пайдаланып, кайсы жерден чыр-чатактын изи чыкса, аны ырбатууга киришип атпайбы! Дал ушул жагын терең талдоого алып, элибизге адашпагандай жолду тартуу этсек...

Эске салсак, башта Райымбек Матраимовду “ойдон токулган” кылмыш ишине байлап, 2 миллиард сом мамлекетке төктүргөнүн кандайча түшүнөбүз? Спектакль ойношпой эле жардам катары сурашпайт беле? Коркутуп-үркүтүү, алдоо, же “рекетчилик” кылуу XXI кылымда жарашпаган жорук го? Түйүнү чечиле элек суроолор ачыкталабы? Убакыттын өтүшү менен баардык сырларга карк болчудайбыз... 


"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер