Акындарга жамак айттырган Азенбек Козукеев эми өлүмдөргө кошок коштурабы?


Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгына Азенбек Козукеев начальник болуп келгени жалпы абал кескин түрдө начарлап кетти. Мисалы, өздүк курамдын ичинде башаламандык, ар кандай кылмыштарга айыпталгандар арбыды. Бир кызматкери Ысык-Көлдөн бизнесменди сабап өлтүрүп, башкалары кыз зордуктоого шектелишип, анан калса, акча уурдап кармалышты го? Бул багытта атайын тергөө аракеттери жүрүүдө. Төбө чачты тик тургузган окуялар көз жаздымда калбашы керек. Азенбек Козукеевдин тажрыйбасыздыгы, иштин көзүн билбегени үчүн аталган башкармалык артка кеттиби? Ар жума, ай сайын жол кырсыгынан адамдар өлүп атышат. Кудум согуштагыдай эле жоготууларга күбө болуудабыз. Мындай шартта Азенбек кырдаалга кайдыгер карап, акындарга жамак айттырып, ырдатып чыгарганы түшүнүксүз ойду туудурду. Шоумен боло калганын кара! Шылдыңдаган кербезиби? Тескерисинче, азыр ошол төкмөлөргө кошок коштуруп, жоготуулар, өлүмдөр боюнча мүңкүрөп отурбайт беле? Эрксизден баш чайкайсың.
Кыскасы, Азенбек Козукеев аталган кызматта отурганда абалыбыз оңолбой, кургуйга кетип баратканыбыз ушулбу? Жетекчилик бул эргулга ишеним артса, тилекке каршы, кедеринен кетүүдө. Көрсө деңгээли чектелүү тура. Дараметин эми билип атпайбызбы...











