Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Рита Карасартова: «Мен өз чечимимди терең ойлонуп кабыл алгам»

Рита Карасартова: «Мен өз чечимимди терең ойлонуп кабыл алгам»

31-январь, 01:15
642 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

-- Рита айым, жаңы кызматтагы алгачкы кадамдарыңыз кандай болуп жатат?

-- Эми кандай десем... Көп реформаларды жасаганга мүмкүнчүлүк бар экен. Азыркы күндө абдан кызыктуу иштер жүрүп жатат. Бирок, иш оор экен. Себеби, көп мыйзамдарга, укуктук-ченемдик актыларга ар кандай нормаларды киргизип коёт экен дагы, анан кичинекей маселени чечейин десең эле же кодексине, же мыйзамына, өкмөттүн токтомуна туура келбей калып, маселе канча бир мыйзамдын ортосунда тегеренип, чечилбей тура берет экен. 

-- Сиз бул кызматка дайындалып жатканда социалдык тармактарда «укук коргоочу болуп жүргөн эркин кыздын колу-буту “байланып” калбас бекен» деп аябай чоң талкуу болду эле.  Өзүңүздү кандай сезип жатасыз?

-- Мен өзүмдү деле башында «балким, мени сүйлөбөсүн деп эле алып келгенби» деген ой болгон. Бирок, азыр өкмөт жактан, парламент жактан «Рита, эмне сунушуңду колдоп берели? Кайсы жерге өнүгүү зарыл деп кайра-кайра сурап, «кайсы мыйзамдарың бар, алып кел» дегендерине караганда, чын эле Кыргызстанда азыр бир алгылыктуу иштерди баштаганга муктаждык жаралып жатабы деген  ой туулат. Ооба, бул жерден катуу сүйлөгөнгө мүмкүнчүлүгүм жок болуп калды. Бирок, бул тармакта 30 миң 500 бала окуйт экен. Ошолордун сапаттуу кесип алуусун жакшыртып алсам, мен ойлойм, тең салмактуу алмашуу болгон болот. 

-- Анда иш которгонуңузга өкүнбөйт турбайсызбы?

-- Мен ар бир чечимимди “жети өлчөп, бир кес” дегендей, терең ойлонуп кабыл алгам. Мен үчүн сунуш күтүүсүз болду. Бирок, сунушка «ооба» деп макул болгонго чейин бир айдын ичинде «ишти кантип баштайм? Реформаны ким менен жылдыра алам деп аябай ойлонуп, анан келгем. 


"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер