Акыркы кабарлар
» Коом » Расул Умбеталиев, эксперт: “Министрлер кабинети элге каршы тариф саясатын кабыл алууда”
Расул Умбеталиев, эксперт: “Министрлер кабинети элге каршы тариф саясатын кабыл алууда”
25-апрель, 18:59


-- Кыргызстанда 1-майдан тартып калк үчүн электр энергиянын баасы 23 тыйынга жогорулап, 1 сомду түзөт. Бул туурасында министрлер кабинетинин маалымат кызматы маалымдады. Мындай кымбаттоого сиз кандай пикирдесиз?
-- 2023-жылдын 1-майынан тартып электр энергиясына тариф калктын керектөөчүлөр тобу үчүн 1 кВт/саат үчүн 77 тыйындан 100 тыйынга чейин (салыктарды кошпогондо), башкача айтканда, 29,9%га көтөрүлөт, айлык көлөмүнүн максималдуу чегин жогорулатуу сунушталууда. Коомдук талкуудан кийин Кыргыз Республикасынын министрлер кабинети эң чоң көйгөйлөрдүн бири болгон энергетикалык кризисти чечүү үчүн карапайым жарандардын эсебинен өзүм билемдик менен элге каршы тариф саясатын кабыл алууда. Министрлер кабинетинин төрагасынын негизги максаты – «Электрстанциялары» ААКсы жана «НЕГК» ААКсы жыл сайын 7-9 миллиард сомго чейинки жоготууларды азайтуу максатында пайдаланылган электр энергиясы үчүн карапайым жарандардан, калктан кошумча төлөмдөрдү кайра чогултуу болуп саналат. Бул энергетика тармагын чоң тартыштыктан жана каржылык жоготуулардан чыгаруу маселесин чечпейт. Жакшылап ойлонсо, аны чечүүгө башка булактар бар. Алтын өндүрүүчү ишканалар, спирт, цемент чыгарган заводдор, тоо-кен ишканалары үчүн электр энергиясына тарифтерди 5,0 эселенген коэффициент менен жогорулатуу зарыл. Бул 6-7 миллиард сом суммасында кошумча киреше алууга мүмкүндүк берет. Министрлер кабинети 2023-жылы бюджеттик мекемелердин кызматкерлеринин эмгек акысын, пенсияларды жана жөлөк пулдарды индексациялоону пландаштырбайт. Ал эми маанилүү инфраструктуранын бардык түрлөрүнө тарифтерди көтөрүүнүн алдында аткаруу бийлигинин органы минималдуу эмгек акынын (эң төмөнкү эмгек акынын) жана жашоо минимумунун деңгээлинин өсүшү менен инфляциянын деңгээлине индексациялоого милдеттүү. Тарифтин көтөрүлүүсү оор жүк болуп, карапайым калкка терс таасирин тийгизет, өзгөчө жашоонун деңгээлин жана сапатын төмөндөтөт, жарандык коомдун жакыр жана аярлуу катмарынын жакырчылыгын жогорулатат."Азия Ньюс" гезити











