Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Сонунбү Кадырова, ырчы: “Мындан ары чек арадан от чыкпай, ынтымагыбыз бекемделе берсин”

Сонунбү Кадырова, ырчы: “Мындан ары чек арадан от чыкпай, ынтымагыбыз бекемделе берсин”

11-март, 00:28
1 506 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

-- Чек ара такталды деген менен капа болгондор да чыга баштады. Бийлик чеп болуп жашаган элдин сунушун эске алган эмеспи?

-- Чек ара чечилди. Элдин санаасы тынчыды, бирок муну саясатка айландырып, кыска ойлонгондор да болууда. Ушунча жылдан бери бир дагы өлкө башчы батынбаган иш акыры жүзөгө ашты. Ымалага келүү деген ушул. Эгер сага бир метр көп кетип калды, менин айтканымдай болот деп тырышып отура берсе, ортодон от чыгат, кызыл кыргынга кабылабыз. Мунун кимге кереги бар? Эгер анча-мынча нерсенин көзүн карабай мурда эле чечип коюшканда, кырчындай балдарыбыздан айрылмак эмеспиз. Ошону ойлобой эле балдарыбыз бекер өлгөн экен дегендер бар. Алар өз милдетин баатырдык менен аткарып, эл алдында жүзү жарык кетишти. Ошолордун убалы элди ойлобой уйкусурап жүрүп кетишкен мурдагы бийликке жетсин! 

Тажиктер Баткендеги жаңы курулган үйлөргө компенсация төлөп беришиптир. Аларды жергиликтүү ата-бабасынан калган жеринен көчүрүп барып жайгаштырат экенбиз. Мына ушундай оош-кыйыштарга чыдап, эки элдин жетекчилери тил табышып, өздөрүнүн элинин тынчтыгын орнотуп берели дешкени колдоого аларлык тарыхый иш.

 Дүйнө тынч эмес. Улам ачкөздүктүн, аксымдыктын, куулук-шумдуктун арааны ачылып, жапайы заман келип калган опуртал учурда арыдан-бери болуп, акыл калчайлы. Элдик азаматтарга ыраазы болушубуз керек. Биз көп нерсени билебиз, көп нерсени билбейбиз. Бизге билинбеген жашыруун мамлекеттик маселелер да бар. Кийинки кезде демократия деген немени карманышып, өтө обу жок болуп кеттик, “баары ачык болуш керек” деп. Акыры колго илип алар жылтыраган нерсебиз калабы, же ушинтип эле билип-билбей, көрүп-көрбөй жулуна беребизби?.Мамлекет, жер силерге эле керекпи? Биз деле силерден ашыгыраак күйөбүз, кем эмес!” деди го Камчыбек Кыдыршаевич. Өзүбүздүн элден чыккан, “эл-жер” деп отко-сууга түшүп жүргөн жигиттер жөн эле бере салды (!) деп ойлогондун өзү караңгылык.

Ушул бийлик келген күндөн бери тынбай жолугушуулар, кылчайнашкан учурлар, кол шилтеп тирешүүлөр болуп жүрүп отуруп, акыры бир пикирге келүү оңой эместигин көрүп эле турдук го. Маселе чечилди, эми түбөлүгү түз болсун. Мындан ары чек арадан от чыкпасын. Ынтымагыбыз бекемделе берсин, ушуну тилейли!    


"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер